Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Ливандагы ок атышууну токтотуу келишимине ылайык, келишимдин калган мөөнөтү ичинде бардык соода кемелеринин Ормуз кысыгы аркылуу өтүүсү үчүн жолдун толугу менен ачык экенин жарыялады.
Аббас Аракчи жума күнү X платформасындагы баракчасында: «Ливандагы ок атышууну токтотуу келишимине параллель түрдө, Ирандын Порттор жана деңиз иштери боюнча уюму тарабынан мурда жарыяланган координацияланган каттам аркылуу бардык соода кемелеринин Ормуз кысыгынан өтүшү үчүн келишимдин калган мөөнөтү ичинде толугу менен ачык деп жарыяланды», — деп билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын бул билдирүүсүн кубаттады.
Трамп ума күнү Truth Social платформасында «ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕМ!» деп жазып, Ирандын бул суу жолунун «ТОЛУГУ МЕНЕН АЧЫК ЖАНА ӨТҮҮГӨ ДАЯР» экенин жарыялаганын белгиледи.
Бирок Трамп Тегеран менен тынчтык келишими түзүлгөнгө чейин АКШнын Иран портторуна койгон деңиз блокадасынын улана турганын кошумчалады.
АКШ жана Израилдин Иранга каршы чабуулдары 28-февралда башталгандан бери кысык аркылуу кемелердин өтүүсү кескин азайды; күнүмдүк өтүүлөр жуманын акырындагы кыска мөөнөттүү өсүштү эсепке албаганда, негизинен бир орундуу сандар менен чектелүүдө.
АКШнын деңиз күчтөрү жарыялаган акыркы эрежеге ылайык, кеме ээлери Булуңдан мунай жана башка товарларды алып чыгуу үчүн Иран жана АКШ жетекчилеринен уруксат алышы керек. Бул жагдай жүк ташуудагы белгисиздикти дагы да күчөтүүдө.
Өткөн аптада Иранга таандык эмес чийки мунайды ташыган үч супер танкер кысыктан чыгып кетүүгө жетишкен болсо да, блокада киргизилгенге чейинки мезгилди кошкондо, акыркы жети жуманын ичинде кысыктан өткөн танкерлердин саны өтө аз болду.
Пакистан желектүү "Шаламар" танкери жекшемби күнү биринчи жолу Перс булуңуна кирүүгө аракет кылган, бирок АКШ менен Ирандын тынчтык сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз аяктагандан кийин артка кайткан. Андан соң танкер өтмөктү аяктап, Дас аралына багыт алган, ал жерден чийки мунай жүктөгөндөн кийин бейшемби күнү чыгышка карай жолго чыккан.
АКШнын Борбордук командирлиги бейшемби күнкү билдирүүсүндө, акыркы үч күндө 14 кеменин кайра кайтканын билдирип, көптөгөн кеме ээлери учурдагы шарттарда кысыктан өтүү тобокелчилигине барууну каалабай жатканын белгиледи.
Маалым болгондой, блокада Омандын жээгиндеги Рас-ал-Хадд аймагынан тартып Иран-Пакистан чек арасына чейинки аймакты камтыйт.












