ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия транспорт министри: Заманбап Хижаз темир жолу Ормуз кысыгына альтернативдүү каттамды түзөт
Түркиянын транспорт министри Абдулкадир Уралоглу Түркияны Халепке туташтыруу жана Сауд Арабия менен сүйлөшүүлөрдү улантуу пландалып жатканын билдирди.
Түркия транспорт министри: Заманбап Хижаз темир жолу Ормуз кысыгына альтернативдүү каттамды түзөт
Абдулкадир Уралоглу өлкө туризм үчүн да, заманбап транзит үчүн да тарыхый каттамды кайра жандандырууну көздөп жатканын билдирди. / AA

Түркиянын транспорт жана инфраструктура министри Түркиянын тарыхый Хижаз темир жолун модернизациялап,  Оманга чейин узартууну жана ушундайча Ормуз кысыгына альтернативдүү дүйнөлүк соода жолун түзүүнү пландап жатканын билдирди.

Шаршемби күнү Анадолу агенттигинин редакциялык бөлүмүндө сөз сүйлөгөн  Абдулкадир Уралоглу өлкөнүн туризм жана заманбап транспорт үчүн тарыхый линияны кайра жандандырууга багытталганын айтты.

Министр биринчи этаптын Түркияны Халеп менен байланыштырууну, Халеп-Дамаск-Иордания тармагын колдонууну жана Сауд Арабиясынын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү улантууну камтый турганын айтты.

Уралоглу акыркы максат линияны Оманга чейин узартуу, океанга жетүү жана Ормуз кысыгына стратегиялык альтернатива түзүү экенин кошумчалады.

Ирактын Перс булуңунан Түркиянын чек арасына чейин созулган 1200 чакырымдык Өнүктүрүү жолу долбооруна токтолгон Уралоглу долбоорлоо этабынын аяктаганын ырастады.

Кургактык жана темир жолдорду, энергетиканы жана байланыш линияларын камтыган бул ири коридор Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Ирак жана Түркия менен өнөктөштүктө эл аралык каржылоо аркылуу ишке ашырылат.

Министр долбоордун курулушу башталганга чейин аймактын  тынчышын күтүп жатышканын билдирди.

Борбордук коридордун стратегиялык бөлүгү болгон Зангезур коридоруна токтолгон министр Түркия тарабындагы 224 чакырымдык Карс-Ыгдыр-Аралык-Дилучу линиясы боюнча тендердик процесс аяктап, иштердин башталганын белгиледи.

Азербайжан тарабындагы иштер аяктап баратат, Транспорт министрлиги түрк дүйнөсү жана Орто Азияга кыска байланышты камсыз кылууну максат кылган Армения аймактарынан өткөн  Зангезур үчүн процессти  көзөмөлдөөнү улантат.

Стамбулдагы темир жол долбооруна токтолгон Уралоглу Явуз Султан Селим көпүрөсүнө темир жол линиясын кошуу жүк ташуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуудагы маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Министр Уралоглу темир жол долбоорун каржылоону Дүйнөлүк банк жетектеген алты эл аралык институт камсыз кылып жатканын жана алгачкы келишимдерге кол коюлганын жарыялады.

Уралоглу Европа менен Азия ортосундагы жүк жана жүргүнчү ташуучу поезддердин кубаттуулук көйгөйлөрүн чечүү үчүн 6,75 миллиард долларлык насыяны колдонуу менен, жакынкы күндөрдө тендердик процессти жана жыл аягына чейин курулуш иштерин баштоону пландап жатат.

Иликте
Индиянын борборундагы мейманканада чыккан өрттөн кеминде 21 адам каза болду
Израиль күчтөрү ок атышууну токтотуу келишимине карабастан Ливанда илгерилеп жатат
Грецияда израилдик туристтерди ташыган кемеге нааразычылык билдирилди
TÜRGEV жаштарды "Нөл калдык" фестивалында туруктуу жашоо менен тааныштырат
Санкт-Петербург Экономикалык Форуму башталды
Министр Фидан: Түркия менен Индонезия 10 миллиард долларлык соода максатына көңүл бурушту
Тышкы иштер министри Фидан эртең Түштүк Кореяга барат
Тайланддын мурунку премьер-министри Таксин королдук мунапыс менен бошотулду
Ирандын дрондору Кувейт эл аралык аэропортуна кол салды
Ирандын Кешм аралында жарылуулар болуп, Кувейт ракеталык кол салууларды бөгөттөдү
Президент Эрдоган Армениянын премьер- министри Пашинян  менен сүйлөштү
Японияда тропикалык "Жангми" бороону болуп, сел эскертүүсү берилди, транспортто үзгүлтүктөр болду
Иран Перс булуңундагы АКШнын объектилерине чабуул койду; CENTCOM: "Ракеталар буталарына тийген жок"
Түркиянын тышкы иштер министри соода жана коргонуу мамилелерин чыңдоо үчүн Индонезияга барды
Дүйнөлүк кубок үчүн саналуу убакыт калды, Түркиянын улуттук курама командасы АКШга барды