Ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги палестиналыктарга каршы ок атуусунан улам эки адам, анын ичинде бир бала каза болду.
Палестинанын WAFA маалымат агенттигинин кабарына ылайык, Израиль армиясы Газа тилкесинин түндүгүндөгү Бейт-Лахия шаарында палестиналыктарга ок ачты.
Кол салууда эки палестиналык, анын ичинде бир бала каза болуп, көптөгөн палестиналыктар жаракат алып, ооруканага жеткирилди.
Газа тилкесинде ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль армиясы чабуулдарын улантууда.
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы билдирүүсүнө ылайык, 10-октябрда ок атышууну токтотуу күчүнө киргенден бери Израиль армиясы тарабынан жасалган кол салуулардан 1334 палестиналык каза болуп, 4400дөн ашык адам жараланды.
Израилдин 2023-жылдын октябрь айынан бери Газага салууларында болсо 73 470 адам көз жумуп, 174 500дөн ашуун адам жаракат алды.


















