Түркия Улуу Улуттук Праламентинин билдирүүсүнө ылайык, НАТОго мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлери 7-8-июлда Анкарада өтө турган НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитине чейин Стамбулда жолугушат.
Өнөктөш өлкөлөрдүн ортосунда парламенттик деңгээлде кеңешүүгө жана пикир алышууга шарт түзө турган саммитке 20 парламент спикери, 3 парламент спикеринин орун басары, НАТО Парламенттик Ассамблеясынын төрагасы Маркос Перестрелло, НАТО Башкы катчысынын милдетин аткаруучу Радмила Шекеринска, НАТО ПАнын Төрагалык кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү катышат.
Саммиттин алкагында Албания, Улуу Британия, Болгария, Чехия, Дания, Эстония, Финляндия, Хорватия, Нидерландия, Швеция, Италия, Түндүк Македония, Латвия, Литва, Люксембург, Норвегия, Польша, Португалия жана Словакиянын парламент спикерлери Стамбулда чогулушат.
НАТОнун Парламенттик ассамблеясы тарабынан 2024 - жылдан бери үй ээси өлкөлөр менен кызматташтыкта өткөрүлө баштаган саммит НАТОнун лидерлер саммитинин алдында парламенттик координациянын бекемделиши жактан маанилүү платформа мүнөзүндө.
НАТОнун парламент спикерлеринин саммити дүйшөмбү күнү, 29-июнда Долмабахче сарайында өтөт. Жыйында парламент спикерлери жана делегация башчылары сөз сүйлөшөт.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын саммиттин алкагында өткөрүлгөн расмий түшкү тамакта катышуучулар менен жолугушуп, сөз сүйлөөсү күтүлүүдө.





















