ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Министр Байрактар ​​Лондон Климаттык аракет жумалыгынын алкагындагы жолугушууларында Түркиянын Лондондогу элчилигинде Нөлдүк калдыктар фонду тарабынан уюштурулган маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Байрактар: "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек"
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​Түркия таза энергияны трансформациялоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн алкагында үч негизги маселеге көңүл буруп жатканын айтып, аларды энергия менен камсыздоо коопсуздугу, энергетикалык көз карандысыздык жана 2050-жылдардын башына чейин көмүртексиз экономикага жетүү максаты катары атап өттү.

Байрактар ​​өз сөзүндө акыркы жылдары дүйнөдө болуп жаткан белгисиздиктер жана чыр-чатактар ​​энергетика тармагында түп-тамырынан бери өзгөрүүлөргө алып келгенин, Жакынкы Чыгыштагы согуштан улам жаралган акыркы кризис да энергетикалык коопсуздуктун канчалык маанилүү экенин көрсөткөнүн айтты.

Бул кризис учурунда өзгөчө энергия менен камсыздоодо Ормуз кысыгына көз каранды болгон Азия өлкөлөрү жана Түркия сыяктуу Европа өлкөлөрү да жарандарын баалардын өсүшүнөн коргоо үчүн ар кандай чараларды көргөнүн түшүндүргөн Байрактар: "Энергетикалык коопсуздук ар бир өлкө үчүн зарыл элементтердин бири. Дүйнө электрлештирүүгө тездик менен бара жатат. Электрлештирүү - быйыл COP31 төрагасы Түркия көтөргөн маселелердин бири. Алдыдагы мезгилде, айрыкча жасалма интеллект жана маалымат борборлору, электр унаалары жана муздатуу системалары аркылуу электр энергиясын керектөөнүн өсүшү улана берет", - деди.

Байрактар ​​ошондой эле бул процессте Түркия үчүн атомдук энергия абдан маанилүү экенин айтып, "Түркия атомдук электр станцияларын курушу керек; бул зыяндуу заттарсыз электр энергиясын өндүрүүнүн бир жолу", - деди.

Түркия бул үч көйгөйдү бир эле учурда чечүүнү издеп жатканда, өсүп жаткан электр энергиясына болгон суроо-талапты канааттандыруу үчүн кайра жаралуучу энергия кубаттуулугун тездик менен жогорулатып, энергиянын натыйжалуулугу жагынан жакшыртылышы мүмкүн болгон тармактарга көңүл буруп жатканын кошумчалады.

Иликте
Зеленский Орусиянын ири чабуулга даярданып жатканын айтты
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
НАТОнун Парламенттик cаммити Стамбулда өтөт
Ирандын сүйлөшүүчүлөрү жана АКШнын вице-президенти Вэнс сүйлөшүү үчүн Швейцарияга келди
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Министр Фидан Каирде жолугушууларды өткөрдү
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат
Түркия менен Сириянын ортосунда саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу
Пакистандын түндүк  - батышында болгон бомбалуу эки кол салууда  7 киши каза болду
Президент Эрдоган Сингапурдун премьер-министри Вонгду расмий салтанат менен тосуп алды
Россиянын Украинадагы кол салууларында  6 киши каза болду