ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Тышкы иштер министри Фидан Греция менен мамилелерге сереп салды:
"Айрыкча аралдардын куралдандырылышы биз үчүн коркунуч жаратат".
Тышкы иштер министри Фидан Греция менен мамилелерге сереп салды:
Тышкы иштер министри Фидан Греция менен мамилелерге сереп салды

Тышкы иштер министри Хакан Фидан: "Биз Грециянын аймакты туруксуздаштырып, башаламандыкка түрткүсү келгендердин оюнчугу болушун каалабайбыз. Жакшы коңшулук мамилелерди каалайбыз", - деди.

Хакан Фидан тышкы саясат боюнча басма сөзгө билдирүү жасады.

Греция менен мамилелер темасында Фидан: "Биз Грециянын аймакты туруксуздаштырып, башаламандыкка түрткүсү келгендердин оюнчугу болушун каалабайбыз. Жакшы коңшулук мамилелерди каалайбыз", - деп айтып өзгөчө коопсуздукка байланыштуу түшүнбөстүктөрдү эки тараптуу түрдө алдын алуу зарылдыгын баса белгиледи.

Аралдардын куралдандырылышы темасында Түркиянын олуттуу тынчсыздануусун баса белгилеген Фидан: "Алар муну билишет, биз муну билдирдик. Аралдарды, айрыкча демилитаризацияланган статусу барларды куралдандыруу биз үчүн коркунуч. Албетте ал жерде шайлоо процесси да бар. Грек саясатында Түркияга каршы маанай тарыхый жактан кеңири таралган", - деди.

Фидан: «Биздин көңүлүбүздү эң көп бурган маселелердин бири - эл аралык келишимдер менен демилитаризацияланган статуска коюлган жана бул статус талашсыз түрдө сакталышы керек болгон аралдарда Грециянын келишимдик милдеттенмелерди бузуу аракеттери», - деп билдирди. Ал мунун 1960-жылдардан бери болуп келе жатканын жана Эгей деңизинин өз ара байланышкан маселелеринин маанилүү аспектисин түзөрүн айтты.

Түркия 1960-жылдардан бери керектүү карышылыкты көрсөткөнүн баса белгилеген Фидан зарыл болгон учурда Грецияга эки тараптуу каналдар аркылуу эскертүүлөр жана каршы пикирлер билдирилгенин, Түркиянын позициясы НАТОнун ичинде сунушталганын жана маселе Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жеткирилгенине көңүл бурду.

Тышкы иштер министри: «Биз коңшубуз жана союздашыбыз Грецияны келишимдик милдеттенмелерин союздаштык духуна ылайык, жетилген түрдө аткарууга чакырабыз. Айланабыздагы коопсуздук жаатында көптөгөн кыйынчылыктар болгондуктан, Греция буларга жаңысын кошпошу керек», - деп билдирди. Ал жакында башталган чечимге карай позитивдүү атмосфераны өнүктүрүү жана сактоо керек экенин кошумчалады.

Иликте
Украина: "Орус армиясы бүгүн кечинде 200 куралдуу учкучсуз учуучу аппарат менен абадан сокку урду"
Иран согуш жана ок атышуудан кийинки мезгилде коргонууга даярдануу үчүн буйрук берди
Эрдоган: «Биз элибизди коркунучтардан алыс кармадык»"
Сербиянын президенти Вучич кызматтан кетерин жарыялады
Израилдин Газадагы чабуулдарынан үч палестиналык каза болуп, 30дан ашууну жаракат алды
АКШ космоско курал жайгаштырганын биринчи жолу ырастады
ЮНИСЕФ: Йемендеги күчөгөн жаңжал 137 000ден ашык баланын билим алуусуна тоскоол болууда
Израиль Ливандын түштүгүндөгү бир мектепти жардыргыч заттар менен талкалады
Ирандын Революциялык Гвардиясы: "Ормуз кысыгынын батышында MQ-1 дронун атып түшүрдүк"
Ок атышпоо келишимине карабастан Израиль Газада дагы эки палестиналыкты өлтүрдү
Тышкы иштер министри Фидан 15-16-сентябрда Азербайжанга барат
Иран: "Кошуналар, айрыкча Түркия менен мамилелер жакшы деңгээлде"
Европанын 9 өлкөсү аэропорттордогу башаламандыктан улам кирүү жана чыгуу системаларын жылдырды
Орусия: "Украинанын батышындагы темир жол инфраструктурасына чабуулдарды уланттык"
Пезешкиан: Иран менен БАЭ мамилелерди чыңдоо жана кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашышты