Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Географиябыз кризистер, согуштар жана кагылышуулар менен күрөшүп жаткан оор мезгилде биз элибизди бул коркунучтардан алыс кармадык», - деди.
Эрдоган 107 жыл мурун (1919-жылы, Көз карандысыздык согушунун биринчи кадамы ташталган жылы) Самсундан башталган көз карандысыздыкка карай жүрүш бүгүн да улуу жана күчтүү Түркияга карай уланып жатканын баса белгилеп: «Артыбызда көз карандысыздыктан келечекке созулган бул жолдун эки күчтүү символу бизди коштоп жүрөт. Бир жагында Бандырма парому, анын жанында TCG Anadolu кемеси. Бандырма парому менен башталып, TCG Anadolu менен уланып жаткан бул жол Түркиянын кайдан келгенин жана кайда баратканын да көрсөтүүдө. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күнгө чейин биз Түркияны бороон-чапкындуу деңиздерде коопсуз жээкке алып чыга алдык. Географиябыз кризистер, согуштар жана кагылышуулар менен күрөшүп жаткан оор мезгилде биз элибизди бул коркунучтардан алыс кармадык. Өлкөбүзгө көптөгөн тармактарда тарыхый жетишкендиктерди жана тарыхый жеңиштерди алып келдик», - деди.
Бир студенттин "Террорсуз Түркия" процесси тууралуу суроосуна жооп берген Эрдоган: "Түштүк-Чыгыш жана Чыгыш Анадолу аймактарында терроризм боюнча абдан чоң көйгөйлөрүбүз болгон, бирок Кудайга шүгүр, Түштүк-Чыгыш жана Чыгыш Анадолуда терроризм жок", - деди.
Аймакта эми эч кандай маселенин жок экенин айткан президент максат бүтүндөй Түштүк-Чыгыш жана Чыгыш аймактарга тынчтык атмосферасын алып келүү экенин баса белгиледи.




















