ТҮРКИЯ
5 мүнөт окуу
Тарыхты өзгөрткөн жеңиш: Стамбулдун каратылышы
Чыгыш менен Батыштын босогосу болгон Стамбул 573 жыл мурун Осмон падышасы Фатих Султан Мехмеддин армиясы тарабынан каратылган.
Тарыхты өзгөрткөн жеңиш: Стамбулдун каратылышы
Отагтепе паркы менен Фатих Султан Мехмет көпүрөсү абадан тартылды

Рим, Византия жана Осмон империяларынын борбору болгон Стамбул "Экинчи Рим", "Жаңы Рим", "Византия", "Константинополь" жана "Константиния" деп да аталган.

Тарых бою көптөгөн армиялар тарабынан 30 жолу курчоого алынган бул шаарда ибадатканалар, расмий имараттар, сарайлар, мончолор жана иподромдор курулуп, православдык христиандардын эң маанилүү борборуна айланган.

Йеникапыдагы археологиялык казуулар шаардын байыркы тарыхы 8 миң жыл мурунку мезгилге таянганын ортого чыгарса, шаар тарыхындагы эң чоң бурулуш учурлардын бири — биздин замандын 4-кылымында Рим тактысын ээлеген Улуу Константин бул жерди жаңы империясынын борбору кылышы болду.

Мухаммед пайгамбардын "Стамбул (Константинополь) сөзсүз каратылат. Аны каратып алган адам мыкты кол башчы жана армиясы да мыкты армия" деген хадисине ылайык, шаар ислам дүйнөсү үчүн каратылышы керек болгон негизги жерлердин бири катары атын угузду. 

Мусулмандар үчүн батыштын, христиандар үчүн чыгыштын дарбазасына айланган Константинополь 1204-жылы крестүүлөр жортуулу үчүн жолго чыккан латындардын баскынчылыгына учурады.

Азырети  Мухаммеддин мактоосуна ээ болуу үчүн Омейяддар доорунда Константинопольго 3 чоң жортуул уюштурулган, ал эми бир жортуул да 781-782-жылдары аббасиддер тарабынан ишке ашырылган.

Айрым сахабалардын катышуусу менен Муавия бин Абу Суфяндын командирлиги астында болгон алгачкы Стамбул курчоосу кийинки доорлордо өчпөс из калтырган.

Мухаммед пайгамбарды Мединага көчүп барганда (хижратта) өз үйүндө коноктогон Абу Айюб ал-Ансаринин бул курчоого катышуусу жана чептин түбүндө шейит болушу, 1453-жылдагы жеңишке чейинки жолдо ислам дүйнөсү үчүн чоң дем-күч булагы болгон.

Исламда убада кылынган шаар

Мухаммед пайгамбар алдын ала айткандай, Константинополь мусулман башкаруучулары үчүн убада кылынган ислам шаарына айланган.

Дүйнө тарыхындагы эң ири курчоолорго жана коргонуу согуштарына күбө болгон Стамбул, 1453-жылга чейин ар башка элдер жана цивилизациялар тарабынан ондогон жолу курчоого алынган.

Биздин заманга чейин Македониянын падышасы Филипп, Рим императору Септимий Северус, ал эми биздин замандан кийин Иран өкүмдары Кейхусрев, авар түрктөрү, Омейяддар, аббасийлер, I жана II Болгар империялары, орус кошуундары, Киев княздыгы, кресттүүлөр, Никея империясы, венециялыктар, генуялыктар жана осмондуктар шаарды курчоого алышкан.

Стамбулду каратууга алып келген процесс

Айрым булактарда Аттила, викингдер жана готтордун шаарды курчоого алганы айтылса да, акыркы курчоо 1453-жылы Осмон империясын бийликке алып келген Султан II Мехмед тарабынан ишке ашырылган.

Тактыга отургандан кийин, Султан II Мехмед Стамбулду каратуу үчүн деңизден келе турган жардамдарды токтотуу керектигин ойлоп, Йылдырым Баязид курдурган Анадолу чебинин майдайында, Дунай дарыясы менен Кара деңизден келе турган жардамдардын жолун тосуу максатында 1452-жылы Румели чебин курдурган.

Стамбулдун бийик жана калың дубалдарын талкалоо максатында ошол доордун маанилүү инженерлерине чоң замбиректер жасатылды. 1453-жылдын февраль айында замбиректер Султандын буйругу менен Стамбулдун алдына алып барылды. Каража Пашанын кол астындагы 10 миң кишилик аскер Стамбулга жакын жердеги Визе, Силиври жана Аястефанос чептерин курчоого алды.

Апрель айында II Мехмед аймактарга жана санжактарга армияга кошулуу тууралуу кабар жөнөтүп, 1453-жылдын 5-апрелинде Осмон армиясы II Мехмеддин башчылыгында Стамбулга карай багыт алган. Бул процессте Акшемседдин, Акбыйык жана Молла Гүрани сыяктуу Осмон доорунун маанилүү аалымдары да Мехмеддин жанында болушкан. Султан II Мехмед Анадолу жана Халич (Алтын Мүйүз) тарапты көзөмөлгө алса, Заганос паша Бейоглун каратып, Галатага карай жүргөн. Ошол эле күнү II Мехмед Махмут пашаны элчи катары Византия императоруна жөнөткөн, бирок тынчтык келишими сунушу четке кагылган.

Стамбул курчоосунун башталышы

Султан II Мехмед 1453-жылдын 6-апрелинде Стамбулду курчоого ала баштайт. Осмон армиясы шаарды кургактыктан да, деңизден да курчоого алып, дубалдарды буза баштаган. Византиялыктар бул убакта дубалдарды жаңылап, түрктөрдүн шаарга киришине жол берген жок.

Осмон деңиз флотунун Византияга жардамга келген генуялык жана венециялык кемелерди токтото албаганы согуштун жүрүшүн өзгөртө баштады. Халич менен Каракөйдүн ортосундагы  чынжыр Осмон деңиз флотунун кирүүсүнө тоскоол болуп, согуштун багытын осмондуктардын зыян тартышына себеп болгон.

Бул окуялардан кийин Султан II Мехмед 21-апрелден 22-апрелге караган түнү 72 даана аскердик кемени кургактыктан жүргүзүп, Халичке түшүрүү буйругун берген. Долмабахче аркылуу Халичке ийгиликтүү түшүрүлгөн кемелер менен согуштун жүрүшү өзгөрөт. Бир түндүн ичинде сууга түшүрүлгөн флот 22-апрелде Халичтен ок ата баштаган. Византиялыктар бул көрүнүшкө таң калып, кемелердин кургактыктан сууга түшүрүлгөнүнө ишене алышкан эмес.

Кемелердин Халичке түшүрүлүшү менен согуш осмондуктардын пайдасына чечилип, Мехмед 29-майда чоң чабуулга өтүүгө буйрук берген. 29-майда таңкы үрүл-бүрүлдө башталган чабуулдун натыйжасында чептер ашып өтүлгөн. 1453-жылдын 29-майында дарбазалары ачылган Стамбул Султан II Мехмеддин жетекчилигиндеги Осмон аскерлери тарабынан толугу менен каратылган.

Мухаммед пайгамбардын мактоосуна татып, "Фатих" (Жеңүүчү) наамын алган Султан II Мехмед чоң айкөлдүк көрсөтүп, шаарды талкалатууга жол берген эмес жана бул жеңиштин символу катары ыйык Софияны (Айя-Софияны) мечитке айландырган.

Стамбулдун каратылышы дүйнөлүк тарыхтагы бурулуш учур болгон

Тарыхчы жазуучу Зафер Билги Стамбулдун каратылышынын мааниси тууралуу токтолуп, бул жөн гана бир шаарды басып алуу эмес, дүйнөлүк тарыхтын агымын өзгөрткөн бурулуш учур болгонун белгилеген. Анын айтымында, Фатих Султан Мехмед бул жеңишке "жашоо же өлүм" маселеси катары караган.

Билги: "Стамбулдун каратылышы менен Европада жана христиан дүйнөсүндө эми Чыгыштын Батыштан үстөмдүгү башталды деген пикир жаралып, Чыгыш дүйнөсүнүн Европага кожоюндук кылуу процесси башталган. Өзгөчө Европанын өз ичиндеги изденүүлөрүнөн улам келип чыккан Кайра жаралуу (Ренессанс) жана реформация процесстери Европанын кыйынчылыктар менен жаңы доорго кадам ташташына себеп болгон. Бул жеңиш менен бирге Европа өз ичиндеги кысылуудан улам жаңы бир маданий өзгөрүүгө туш болду", — деген пикирин билдирди.

Жеңиштен кийин Стамбулдагы диний, маданий жана социалдык түзүлүш тездик менен өнүгө баштаганын айткан Билги, Мехмед бул шаарды аталган тармактарда дүйнөнүн эң алдыңкы жана көз жоосун алган борборуна айлантууну максат кылганын белгиледи.

Билги Фатихтин мамлекетти дүйнөлүк империяга айлантышы жана Осмон империясынын чыныгы негиздөөчүсү катары кабыл алынышы дал ушул Стамбулдун каратылышы менен ишке ашканын баса белгилеп, бул географияда курулган эң улуу мамлекеттик түзүлүштүн борбору Стамбулда болушу бүгүнкү күндө да маанилүү шыктануу булагы экенин айтты.

 

Иликте
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү
Орусия чет элдиктерди жана дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги "25-май Африка күнүнө" карата куттуктоо жарыялады
Израиль армиясы Батыш Шериада дүкөндөрдү жаптырды
Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты
Түркия жана 14 өлкө Сомалиленддин Кудста элчилик ачуу кадамын айыпташты
Түркия Ахалкалаки-Карс темир жолунун Арменияга ачылышын кубаттайт
Түркия космостук технологиялар жаатында түрк мамлекеттери менен өнөктөштүккө карай кадам таштады
Израиль Трамптын Иран менен чектелген келишимге ыкташы мүмкүн экенинен кооптонууда
8-Этноспорт маданий фестивалында акыркы күндүн иш-чаралары башталды
Орусия Украинага баллистикалык ракеталар менен катуу чабуул жасады
Президент Эрдоган телефон дипломатиясын жүргүзүүдө