Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Атлантика океанындагы жүргүнчү кемесинде үч адам каза болгонун жана лабораториялык анализдер өлүмдөрдүн биринин хантавирустан улам болгонун аныктаганын жарыялады. Хантавирус көбүнчө кемирүүчүлөрдөн адамдарга жугат.
Оору Аргентинанын Ушуайя шаарынан Кабо-Вердеге бара жаткан “MV Hondius” кемесинде катталды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: "Бүгүнкү күнгө чейин хантавирус инфекциясынын бир учуру лабораториялык анализдер менен тастыкталды; дагы беш шектүү учур бар", - деп билдирди.
Йоханнесбургда дарыланып жаткан бейтаптын анализинен да хантавирус чыкты. Хантавирус - бул ички геморрагиялык ысытманы жана олуттуу респиратордук ооруларды пайда кылышы мүмкүн болгон вирустардын үй-бүлөсү.
Иликтенип жаткан учурлар
Инфекциялар адатта вирусту алып жүргөн кемирүүчүлөрдүн заарасына же заңына дуушар болуу менен байланыштуу болсо да ДССУ: "Кээде хантавирус адамдар арасында да жайылып, олуттуу респиратордук ооруларды пайда кылышы мүмкүн", - деди.
Илдеттен каза болгон биринчи адамдын 70 жаштагы жүргүнчү экени жана кемеде каза тапканы айтылды.
Анын 69 жаштагы аялы болсо Түштүк Африкага алып барылды, бирок ал да ошол жерде көз жумду.
Үчүнчү маркумдун сөөгү учурда кемеде кармалууда.
Кеме Испаниядагы Канар аралдарына сапарын улантуудан мурун, жуккан башка эки жүргүнчүнү Кабо-Вердеде карантинге алуу керекпи же жокпу деген маселе боюнча талкуулар жүрүп жатат.
Нидерландияда жайгашкан Oceanwide Expeditions компаниясы тарабынан башкарылган “MV Hondius” кемесине болжол менен 170 жүргүнчү жана 70 экипаж мүчөсү батат.













