Тышкы иштер министрлигинин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнө ылайык, Аракчи Индиянын борбору Нью-Делиде өткөн БРИКСтин тышкы иштер министрлеринин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө аймактык жана эл аралык окуялар жана өлкөсүнүн БРИКС менен болгон карым - катнаштары тууралуу билдирүүлөрдү жасады.
Аракчи эркиндиктерин жана аймагын коргоо үчүн колунда болгон бардык каражаттар менен күрөшүүгө, дипломатияны улантууга жана коргоого даяр экенин билдирди.
Эч кандай кысымга же коркутууга баш ийбей турганын, бирок сыйлоо тилин жоопсуз калтырбай турганын айтып: "Бир нече жолу айтканымдай Иранга байланыштуу эч бир маселени аскердик жол менен чечүү мүмкүн эмес",- деп кошумчалады.
Аракчи тынчтыкты сүйгөн Иран эли согушту каалабай турганын, бирок куралдуу күчтөр "чет элдик агрессорлордон кыйратуучу өч алууга ар дайым даяр" экенин айтты.
Аракчи АКШ менен Израилдин кол салууларына каршы агрессор эмес, жабырлануучу абалда экенин айтып, башка өлкөлөр да ушундай кысымдын ар кандай түрлөрү менен бетме-бет келип жатканын белгиледи.
Аракчи мындай кысымдарды тарыхтын таштандысына таштоо үчүн биргелешип аракет кылуунун убактысы келгенин айтты.
БРИКСке мүчө мамлекеттерди жана эл аралык коомчулукка чакырык салган Аракчи сөзүн: «Иран БРИКСке мүчө өлкөлөрдү жана эл аралык коомчулуктун бардык жоопкерчиликтүү мүчөлөрүн АКШ менен Израилдин Иранга каршы мыйзамсыз агрессиясы менен бирге эл аралык укуктун бузулушун ачык айыптоого, эл аралык институттардын саясатташып кетишинин алдын алууга, ошондой эле согушту тутандырууну токтотуу жана БУУнун Уставын бузгандардын жазасыз калышына чек коюу үчүн конкреттүү кадамдарды жасоого чакырат»,- деп улантты.
Ирандын Тышкы иштер министри күч эмес, адилеттүүлүк үстөмдүк кылган тартипке муктаждык бар экенин белгилеп: «Биз БРИКСтин адилеттүү, тең салмактуу жана гумандуу глобалдык тартипти калыптандырууда негизги түркүктөрдүн бири боло аларына жана болушу керектигине ишенебиз», — деди.











