Басма сөз катчысы Кечели социалдык медиа баракчасында 2022-жылдан бери уланып келе жаткан эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруу процессине байланыштуу жүргүзүлүп жаткан ишенимди бекемдөө кадамдары тууралуу билдирүү жасады.
Өз билдирүүсүндө Кечели түз сооданы ишке ашыруу максатында жүргүзүлгөн бюрократиялык иштер 2026-жылдын 11-майына карата аяктаганын айтып, жаңы жобонун чоо-жайы менен бөлүштү.
Жаңы жобонун анегизинде Түркиядан үчүнчү өлкө аркылуу Арменияга же ошол эле жол менен Армениядан Түркияга келген товарлардын жеткен же чыккан жерин эми документтерде "Армения/Түркия" деп көрсөтүүгө мүмкүн экени айтылды.
Чек араны ачуу боюнча техникалык даярдыктар уланууда
Эки өлкөнүн ортосундагы кургактык чек арасын ачуу процессине токтолгон Кечели жалпы чек араны ачуу үчүн зарыл болгон техникалык жана бюрократиялык даярдыктар дагы деле жүрүп жатканын баса белгиледи.
Түркиянын аймактагы тынчтыкка болгон көз карашына көңүл бурган Кечели: "Түштүк Кавказда туруктуу тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү бекемдөө үчүн колдонулган тарыхый мүмкүнчүлүктүн негизинде Түркия аймактагы бардык өлкөлөрдүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө жана кызматташтыкты андан ары илгерилетүүгө салым кошууну улантат", - деп билдирди.

















