ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп Пекин сапарынан кийин медициналык текшерүүдөн өтөт
Келерки айда 80 жашка толо турган АКШ президенти Дональд Трамп Пекин сапарынан болжол менен 10 күн өткөндөн кийин, айдын аягында медициналык текшерүүдөн өтөт.
Трамп Пекин сапарынан кийин медициналык текшерүүдөн өтөт
АКШ президенти Дональд Трамп (АРХИВ) / Reuters

Ак үйдөн жасалган билдирүүгө ылайык, президент Дональд Трамп 26-май күнү Уолтер Рид улуттук аскердик медициналык борборунда медициналык текшерүүдөн өтөт. Бул сапар анын кызматка кайтып келгенден берки коомчулукка жарыяланган төртүнчү медициналык текшерүүсү болот.

АКШ тарыхында шайланган эң улгайган президент катары Трамптын ден соолугу, өзгөчө өткөн жылы жүрөк жана ич көңдөйүнө жасалган тереңдетилген диагностикалык тесттерден кийин коомчулуктун чоң кызыгуусун жаратууда.

Ден соолугуна карата айтылган сын-пикирлерге карабастан, Трамп өзүн жарым кылым мурдагыдай эле сергек сезерин белгилеп, тамактануу адаттары өтө жакшы эмес экенин, бирок физикалык жактан эч кандай өзгөрүү сезбегенин билдирген.

Өткөн жылкы отчеттордо семирүү чегинен алыстап, болжол менен 9 килограммга арыктаганы айтылган президенттин улгайган адамдарда көп кездешүүчү өнөкөт вена жетишсиздигинен башка олуттуу ден соолук көйгөйү катталган эмес. Ошондой эле, колунун сыртындагы көгөргөн жерлер сыяктуу көңүлдөрдү бурган деталдар көп кол алышуудан жана аспиринди коргоочу катары колдонуудан келип чыккан сезгичтиктер экени айтылган.

Пекинде Кытай лидери Си Цзиньпин менен боло турган саммиттен он күндөн кийин дарыгерлердин кароосунан өтө турган Трамп, бул комплекстүү текшерүү менен аскердик башкы командачылык кызматын аткарууга жарамдуулугун тастыктайт.

Учурдагы жол-жоболорго ылайык, президенттер ден соолугу тууралуу кайсы маалыматтарды бөлүшүүнү өздөрү чечсе да, ачык-айкындуулук талабынан улам текшерүүнүн жыйынтыктары коомчулукка жарыяланары күтүлүүдө. Бул кезектеги көзөмөл физикалык абалды байкоону жана жашка байланыштуу пайда боло турган жагдайларды алдын алууну камтыйт.

Иликте
ЕБ Сирия менен толук кандуу кызматташууну калыбына келтирди
Геосаясий окуялар Түркия-ЕБ мамилелеринин маанисин дагы бир жолу көрсөтүүдө
Евробиримдик көптөн бери токтоп турган санкцияларды бекитиши мүмкүн
Эвакуациялык каттам учурунда француз жүргүнчүсүнөн хантавирустун белгилери байкалды
Тышкы иштер министрлиги: Пакистандагы террордук кол салууну кескин айыптайбыз
Ички иштер министри Чифтчи Түркия-Монголия жыйынына катышат
Хантавирус жайылган круиздик кемедеги АКШнын жаранынын тести оң натыйжа берди
Кытай Японияны Индия-Тынч океан стратегиясын колдогондугу үчүн айыптады
Путин: "Орус аскерлери НАТО куралдандырган жана колдогон агрессивдүү күч менен бетме  - бет"
Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин Ппезиденти Аль Нахаян менен  телефон аркылуу сүйлөштү
Эрдоган: Түркия орун албаган Европа архитектурасы кемтик болот
Израиль Газада ок атышпоо эрежесин бузуп тогуз палестиналык жаракат алды
АКШнын экс-антитеррор кызматкери: "Иран согушка чейин өзөктүк курал иштеп чыккан эмес"
Трамп Россия менен Украинанын ортосунда убактылуу ок атышпоо жарыялады; муну эки тарап тең ырастады
АКШ Конгрессинин 30 депутаты Рубиого Израилдин өзөктүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу суроо берди