ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ Конгрессинин 30 депутаты Рубиого Израилдин өзөктүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу суроо берди
АКШ Конгрессинде 30 демократ депутат Израилдин ядролук мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу жашыруун сырды ачуу үчүн аракетке өттү. Ммалекеттик катчы Марко Рубиого кайрылып жазылган катта «кош стандарттардын токтотулушу» талап кылынды.
АКШ Конгрессинин 30 депутаты Рубиого Израилдин өзөктүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу суроо берди
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио

АКШ Конгрессинин отуз демократ мүчөсү Израилдин ядролук мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу жашыруун сырды ачуу үчүн аракетке өттү. Мамлекеттик катчы Марко Рубиого жиберилген катта  кош стандарттарды токтотууну жана аймактагы ядролук тобокелдиктерди ачык-айкын ачыктоону талап кылышкан.

Хоакин Кастро жетектеген топ Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу күчөп, Иран менен уланып жаткан кагылышуу учурунда АКШнын Мамлекеттик департаментинен төмөнкү суроолорго так жана бир жактуу жоопторду күтөрүн билдирди.

Кубаттуулук жана инвентаризация

• Ядролук куралдын кубаттуулугу: Израилдин ядролук курал кубаттуулугунун толук көлөмү канча?

·       Системанын деталдары: Согуштук дүрмөттөр жана учуруучу түзүлүштөр менен бирге, Израилдин карамагындагы бардык ядролук курал системаларынын техникалык мүнөздөмөсү кандай?

 

Өндүрүш жана чийки зат булактары

·         Байытуу мүмкүнчүлүгү: Учурда Израилдин уранды байытуу мүмкүнчүлүгү барбы жана бул процесс канчалык деңгээлде?

Димона жана фиссилдик (ажыроочу) материалдар: Димонадагы Негев ядролук изилдөө борборунда фиссилдик материалдар өндүрүлөбү? Эгер өндүрүлсө, алардын болжолдуу көлөмү жана колдонуу багыттары кандай?

Плутоний өндүрүшү: Аталган борбордо плутоний өндүрүлөбү? Өндүрүлгөн учурда анын көлөмү жана колдонуу максаты эмне?

Стратегиялык доктрина жана АКШ менен карым - катнаштар

  • "Кызыл сызык" билдирүүсү: Иран менен учурда болуп жаткан чыңалуунун алкагында, Израиль ядролук куралды колдонуу шарттары, "кызыл сызыктары" же чектик көрсөткүчтөрү тууралуу АКШ бийлигине расмий маалымат бергенби?

  • Колдонбоо кепилдиги: АКШ администрациясы ушул күнгө чейин Израилден ядролук куралды эч качан колдонбоо тууралуу кандайдыр бир расмий кепилдик алганбы?

  • Чалгындоо сигналдары: Учурдагы Иран кагылышуусунда же мурунку тирешүүлөр учурунда Израилдин ядролук куралды колдонуу же жайгаштыруу планы бар экенине байланыштуу кандайдыр бир чалгындоо маалыматтары алынганбы?

Коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар сценарийлери

  • Радиоактивдүү тобокелдиктерди талдоо: Негев (Димона) же башка ядролук объектилерге жасалган ыктымалдуу чабуулдун аймактагы АКШ жарандары жана аскер кызматкерлери үчүн жарата турган радиоактивдүү коркунучтары боюнча Вашингтон кандай баа берет?

  • Аскердик ийгиликсиздик сценарийлери: АКШ администрациясы Ирандын Димонага чабуулу же Израилдин аскердик жактан олуттуу жеңилүүгө учурашы сыяктуу кайсы өзгөчө жагдайлар Израилди ядролук куралга кайрылууга түртүшү мүмкүн экенин талдап чыкканбы? Мындай сценарийлер үчүн кандай өзгөчө кырдаалдар планы даярдалган?

 

 

 

 

Иликте
Түрк коргонуу фирмасы учкучсуз учуучу аппараттарына каршы оор пулемётун экспорттой баштады
Медведев Берлинди "реваншизм" жана тарыхты кайра жазуу боюнча айыптады
Испания Израилдин ишенимдүү өкүлүн Тышкы иштер министрлигине чакырды
Түркия Иран менен АКШнын ортосунда туруктуу тынчтык үчүн "конструктивдүү" диалогду талап кылууда
Дүйнөлүк кубокко саналуу күндөр калды
Энергетикадагы жеткирүү коркунучтарына каршы Түркиянын кепилдиги ГЭСтер
Эпштейндин өзүн-өзү өлтүрүү тууралуу билдирүүсү АКШ соту тарабынан жарыяланды
Түркиянын патенттелген курал системалары дүйнө жүзү боюнча таанылат
Кытай мурдагы эки коргоо министрин коррупция боюнча кечеңдетилген өлүм жазасына тартты
Йылмаз: "Түркия - "дүйнөлүк борбор" катары позицияланган экономика"
AirAsia 19 миллиард долларлык келишим менен 150 даана Airbus A220 учагын сатып алат
SAHA-2026 жарманкеси уланып жатат
Трамп: "Иран сүйлөшүүлөрү абдан жакшы баратат, жакында келишим түзүлөт"
АСЕАНдын тышкы иштер министрлери Филиппинде жолугушту
Россиядан чет элдик дипломаттарга эвакуация чакырыгы: Киевде чыңалуу күч алууда