Министрлик орус армиясынын түн ичинде украин портунун инфраструктурасына жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында колдонулган кемелерге карата дрондор менен жасалган чабуулдарын улантканын билдирди.
Билдирүүдө:"Одесса портуна аскердик жүк ташып бараткан жүк ташуучу кемеге сокку урулду",- деп айтылды.
СУНУШТАЛАТ
Министрликтин башка билдирүүсүндө да кечээ жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8ден бүгүн эртең мененки саат 8ге чейин Россиянын абадан коргонуу системалары ар кайсы аймактарда, негизинен Москвада жана тегерегинде 560 украин дрону жок кылгандыгы тууралуу маалымат берилди.





















