ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Түркия Иран согушу боюнча ортомчу Пакистан менен ыктымалдуу сүйлөшүүнү күн тартибине алып келди
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан аймактык жолугушуулардын планына киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди. Түркия, Пакистан, Египет жана Сауд Арабиясы катыша турган сүйлөшүүлөрдүн ушул дем алыш күндөрү Пакистанда өтөрү күтүлүүдө.
Түркия Иран согушу боюнча ортомчу Пакистан менен ыктымалдуу  сүйлөшүүнү күн тартибине алып келди
Хакан Фидандын айтымында, сүйлөшүүлөр төрт мусулман көпчүлүк өлкөнүн тышкы иштер министрлерин бириктирет. [Архив] / Reuters
4 саат мурун

Анкара Пакистан, Сауд Арабиясы, Египет жана Түркиянын ортосунда Жакынкы Чыгыштагы согуш тууралуу сүйлөшүүлөрдүн бул жуманын акырында Пакистанда өткөрүлөрүн билдирди.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан А Хабер каналына берген маегинде: "Негизинен биздин пландаштырылган жолугушуубуз бар болчу, аны башында Түркияда өткөрүүнү ойлогонбуз.... Бирок пакистандык боордошторубуз өз өлкөсүндө калууга аргасыз болгондуктан, аны Пакистанга жылдырдык", - деп айтып, "Балким, дем алыш күндөрү ал жакта чогулабыз",- деп билдирди.

Тышкы иштер министринин айтымында, сүйлөшүүлөргө мусулман калкы көп төрт өлкөнүн тышкы иштер министрлери катышат.

Германиянын Тышкы иштер министри Йохан Вадефуль жума күнү эртең менен булагын ачыктабастан, Пакистанда АКШ менен Ирандын ортосунда түз сүйлөшүүлөрдүн "жакын арада" болорун күтүп жатканын белгилеген.

Тегеран Вашингтон менен расмий сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын моюнга ала элек. Бирок Ирандын "Tasnim" маалымат агенттиги атын атабаган булакка таянып, Иран согушту токтотуу боюнча АКШ президенти Дональд Трамптын 15 беренеден турган планына карата жообун Исламабад аркылуу жеткиргенин кабарлады.

Бир тараптан Трамптын атайын өкүлү Стив Виткофф жума күнү жасаган билдирүүсүндө Ирандын Жакынкы Чыгышта бир айдан бери болуп келе жаткан согушту токтотуу үчүн “бул жумада” Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлөрүнө ишенгенин, Майамидеги бизнес форумда Иран менен сүйлөшүүлөр тууралуу суроого: "Ушул аптада жолугушуулардын болорун ойлоп жатабыз жана үмүтүбүз бар”,- деп жооп берди.

Жогорку деңгээлдеги ирандык жетекчи жума күнү билдирүү жасап, АКШнын Иранга кол салуулары жана ошол эле учурда сүйлөшүүгө чакыруусу "кабыл алынгыс" экенин белгилеп, Тегеран өнөр жай жана өзөктүк инфраструктурага жасалган кол салуулардан улам АКШнын сунушуна жооп берер-бербесин азырынча чече электигин билдирди.

Иликте
Германия Израиль менен АКШнын Иранга каршы согушун сындады
Түрк фирмасы тарабынан башкарылган мунай танкерине Стамбулдун жанында кол салуу болду
Израиль Ливандын аймагына тереңирек басып кирүүнү пландап жатат
Трамптын Кытайга сапары Ирандагы согуштан улам 14-15-майга жылдырылды
АКШ армиясы Кариб деңизинде кемеге кол салып, 4 адамдын өмүрүн алды
Хакан Фидан аймактагы согушту токтотуу үчүн кесиптештери менен тыгыз байланышта
Түркия менен Улуу Британия жаңы Eurofighter колдоо келишими менен коргонуу мамилелерин тереңдетүүдө
Пакистанда Иран менен АКШнын ортосундагы кеңири сүйлөшүүлөр күтүлүүдө
Нефть баасы төмөндөдү, Иран согушунун басаңдашына  байланыштуу  үмүт  акциялардын баасын көтөрдү
Ирактагы аскердик базага абадан кол салуу: 7 адам каза болуп, 13 адам жаракат алды
АКШда Meta компаниясына 375 миллион доллар айып пул салынды
Израиль камактагы палестиналыктар үчүн өлүм жазасын мыйзамдаштырууга бир кадам жакындады
Индия Кашмир каршылык көрсөтүү кыймылынын лидери Асия Андрабини өмүр бою эркинен ажыратты
Трамптын сүйлөшүү чакырыктарына карабастан Иран аймактагы ракеталык чабуулдарын күчөттү
Тынчтык кеңешинин атайын өкүлү Газадагы кырдаалдын "абдан оор" экенин эскертти