Израилдин маалымат каражаттары Израиль өзүнүн аскердик катышуусун жана кургактагы басып алуусун Ливандын аймагына 8 чакырымга чейин кеңейтүүнү пландап жатканын билдиришти.
14-каналдын маалыматына караганда, Израиль армиясы Ливандын аймагында 18 жаңы аскердик базаны кура баштады. Бул базалардын айрымдары Ливандын аймагынын ичкерсинде жайгашканы кабарланууда.
Маалыматта Израилдин расмий өкүлдөрүнүн ортосундагы талкуулардын натыйжасында Ливандын аймагын Литани дарыясына чейин толук көзөмөлдөө чечими кабыл алынганы айтылды.
Чечимге "Израиль армиясынын оперативдик коргонуу линиясын эл аралык чек арадан Ливандын аймагына, ал тургай жок дегенде 8 чакырым ичкериге жылдыруу" да кирет деп кошумчаланды.
Ливандын негизги дарыясы болгон Литани өлкөнүн тоо кыркаларынын арасынан Бекаа өрөөнү аркылуу агат.
2-марттан бери Израиль Ливанды абадан бомбалап, Ливандын түштүгүнө кургактан басып кирүүнү баштаган.
Ливандын расмий өкүлдөрү Израилдин чабуулдарынан кеминде 1072 адам каза болуп, 2966 адам жаракат алганын билдиришти.
Учурдагы чыңалуу, 1340тан ашык адамдын өмүрүн алган АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу учурунда болду.
Бул согуш учурунда Тегеран Израилге, ошондой эле Иорданияга, Иракка жана Перс булуңундагы мамлекеттерге каршы дрон жана ракеталык чабуулдар менен жооп кайтарды. Ирандын айтымында, Перс булуңундагы мамлекеттерге жасалган чабуулдар АКШнын аскердик активдерине багытталууда.





