Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн командачылыгынын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө Орусия бүгүн кечинде өлкөнүн ар кайсы аймактарына абадан сокку ургандыгы айтылды.
Билдирүүдө орус армиясы Украинага 17 ракета жана 202 учкучсуз учуучу аппарат учурганы жана 174 учкучсуз учуучу аппарат абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жок кылынганы айтылат.
Харьков аймактык аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов дагы социалдык медиа аккаунтунда Харьковго орусиялыктардын кол салуусунан эки адам каза болуп, 21 адам жаракат алганын билдирди.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы (DSNS) социалдык медиа аккаунтунда Одессага орусиялыктардын кол салуусунан сегиз адам жаракат алганын билдирди..


















