Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар Грузиянын Эгемендүүлүк күнүн белгилөө үчүн Стамбулдагы Йеребатан цистернасында Грузиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мака Ботчоришвили тарабынан уюштурулган кабыл алууга катышты.
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Байрактар кабыл алуудагы сөзүндө Түркия менен Грузия бекем достукка, өз ара ишенимге, жакшы коңшулукка жана аймактык тынчтык үчүн жалпы көз карашка негизделген уникалдуу өнөктөштүккө ээ экенин айтты.
Байрактар Түркия менен Грузиянын ортосундагы кызматташтык соода жана экономикадан баштап энергетика, саламаттыкты сактоо, туризм, транспорт, билим берүү, коргонуу өнөр жайы жана маданий карым - катнаштарга чейинки кеңири тармактарды камтыганын белгилеп: "Биздин өнөктөштүгүбүздүн бул көп кырдуу мүнөзү күн сайын жаңы тармактар менен бекемделип баратат",- деп кошумчалады.
Байрактар 2025-жылы Түркия менен Грузиянын ортосунда 100дөн ашык жогорку деңгээлдеги сапарлар болгонун эске салып, бул бул позитивдүү динамиканын 2026-жылга чейин сакталганын белгиледи.
Максат — 5 миллиард доллардык соода көлөмү
Байрактар Түркия менен Грузиянын ортосундагы экономикалык жана соода карым - катнаштарынын да абдан позитивдүү багытта баратканын белгилеп:"Түркия 2008-жылдан бери Грузиянын эң ири соода өнөктөшү катары өз позициясын туруктуу сактап келет. Эки тараптуу соода көлөмүндө 3 миллиард долларлык баштапкы максатыбызга жеткенден кийин, биз жаңы 5 миллиард долларлык максатыбызга эртерээк жетерибизге ишенебиз",- деди.
Байрактар Түркия менен Грузиянын аймактык туруктуулукка, экономикалык өнүгүүгө жана энергетикалык коопсуздукка олуттуу салым кошкон маанилүү энергетикалык долбоорлор аркылуу биргелешип иштөөнүн күчүн далилдегенин белгилеп: "Баку-Тбилиси-Жейхан мунай кууру, Баку-Тбилиси-Эрзурум жаратылыш газ кууру жана TANAPты камтыган Түштүк газ коридору демилгеси сыяктуу стратегиялык демилгелер биздин жалпы көз карашыбыздын жана узак мөөнөттүү ийгиликтүү өнөктөштүгүбүздүн туруктуу символдору катары бекем турат",- деп кошумчалады.
Байрактар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мурунку ийгиликтер менен гана чектелбестен, жаңы аймактык демилгелердеги конкреттүү кадамдар менен үзгүлтүксүз прогрессти да камтыганын айтып:"Мунун эң маанилүү мисалдарынын бири - Жашыл электр энергиясын берүү жана соодалоо долбоору. Бул келечектүү этап аймактык байланышты жана энергетикалык коопсуздукту бекемдеп гана тим болбостон, кайра жаралуучу энергия булактарын биздин рынокторго интеграциялоону тездетет" ,- деди.



















