ТҮРКИЯ
3 мүнөт окуу
Армениянын тышкы иштер министри Мирзоян Түркия менен толук нормалдашуу боюнча үмүттүү
Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян Түркия менен диалогдун уланып жатканын жана түздөн - түз сооданын башталганын билдирип: "Жакынкы аралыкта толук нормалдашууга жетишилерине ишенем",- деди.
Армениянын  тышкы иштер министри Мирзоян Түркия менен толук  нормалдашуу боюнча үмүттүү
Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян

Армениянын расмий маалымат агенттиги Armenpress билдиргендей, Мирзоян 2025-жылдагы бюджет боюнча парламенттик жыйында Түркия менен болгон карым - катнаштарга баа берди.

Мирзоян: "Түркия менен диалогубуз улантылды. Гүмрү - Карс темир жолунун кайрадан ачылышына карата түзүлгөн жумушчу топтун жолугушуулары жана башка талкуулар болду", - деп билдирди.

"Менин күтүүм жана ишенимим - жакынкы аралыкта Түркия менен болгон карым - катнаштарыбызды толук нормалдаштырууга карай конкреттүү прогресске жетишебиз. Мен жакынкы аралыкта толук нормалдашууга жетишилет деген ишенимимди билдиргим келет", - деди Мирзоян.

Мирзоян: "Учурда Армения менен Түркиянын ортосунда бажы жагынан түздөн - түз соода бар. Географиялык жактан бүтүмдөр дагы эле үчүнчү өлкөлөр аркылуу жүргүзүлүп жатса да соода карым - катнаштары уланууда", - деди. Армениядагы парламенттик шайлоода жеңишке жеткенин жарыялаган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян да Түркия менен абдан жакшы динамиканы жаратканын белгилеп: «Акыркы секирик жасоо үчүн бул динамиканы улантышыбыз керек», - деди.

Түркия менен нормалдашуу

Пашиняндын тушунда Түркия менен ташталган кадамдар өзгөчө көңүлдөрдү бурду.

2021-жылы Түркиянын Вашингтондогу мурдагы элчиси Сердар Кылыч Түркиянын Армения боюнча атайын өкүлү болуп дайындалса, Армения парламентинин төрагасынын орун басары Рубен Рубинян да Армения тараптан атайын өкүл болуп дайындалды.

Кылыч менен Рубинян 2022-жылдын январында Москвада жолугуп, Түркия менен Армения байланыштарын толук нормалдаштырууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдү алдын ала шарттарсыз улантуу боюнча макулдашкан. Бул процесс эл аралык коомчулук тарабынан оң кабыл алынган.

2020-жылы токтогон Армения менен Түркия ортосундагы авиакаттамдар 2022-жылдын 2‑февралында кайра жандандырылып, Стамбулда Сабиха Гөкчөн аэропортунан учкан учак Еревандагы Звартноц эл аралык аэропортуна конгон.

2023-жылдын 1-январынан тарта Түркия менен Армениянын ортосунда түз аба жүк ташуу соодасына жол ачылды.

Армениянын расмий мекемелеринин интернет сайттарынан тышкары, Түркиядагы колдонуучулардын Армениянын веб-сайттарына кирүүсүнө коюлган чектөөлөр да жоюлду.

Тараптар сүйлөшүүлөрдү улантуу менен бирге процесске байланыштуу позитивдүү билдирүүлөрдү берүүнү улантышты. Армения 2024-жылы Түркия менен чектешкен Алижан өткөрүү пунктунун Армения тарабынын (Маргара өткөрүү пункту) толугу менен жаңыланып, ишке даяр абалга келтирилгенин маалымдады.

Тараптар 2025-жылдын аягында кабыл алган чечим менен Түркия жана Армениянын дипломатиялык, кызматтык жана жеке паспорт ээлери 2026-жылдын 1‑январынан тартып акысыз электрондук виза (e‑виза) ала ала турган абалга келди жана виза жеңилдиги киргизилди.

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен Пашиняндын 4-майдагы жолугушуусунун жыйынтыгында бир тарабы Түркияда, экинчи тарабы Арменияда жайгашкан Ани көпүрөсүн биргелешип калыбына келтирүү (реставрациялоо) боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Түркия менен Армениянын ортосунда түз сооданы киргизүүгө байланыштуу бюрократиялык даярдыктар 11‑майдан тарта бүткөнү, эки өлкөнүн ортосундагычек аранын ачылышына карата керектүү техникалык жана бюрократиялык иштердин улантып жатканы билдирилди.

Ишке ашырылган жаңы тартип менен Түркиядан үчүнчү өлкөгө, андан ары Арменияга жөнөтүлгөн же ошол эле маршрут менен келген товарлардын акыркы келип түшүү же чыгарылуу пунктун «Армения/Түркия» деп көрсөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Пашинян май айындагы билдирүүсүндө Азербайжан темир жолу сыяктуу Ахылкелек‑Карс темир жолу да Армениянын экспорт жана импортуна ачылганын» жарыялады.

Иликте
Ок атышууну токтотууга карабастан Израиль Газага дээрлик күн сайын кол салып жатат
Анталияда жаа атуу боюнча дүйнө кубогунун үчүнчү этабы башталды
Түркия менен Канада эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү башташат
Иран: Ормуздан Баб эль-Мандебге чейинки линия каршылык көрсөтүүнүн жаңы коопсуздук багыты болот
Россия: "Палестиналыктар Чыгыш Кудс борбору болгон көз карандысыз мамлекетке ээ болушу керек"
SpaceX АКШнын Коргоо министрлигинде кантип орун алды?
Кытай менен Түндүк Корея мамилелерди чыңдоону чечишти
Украинанын Харьков шаарында Орусиянын чабуулдарынан төрт адам каза болду
Стамбул декларациясында кызматташтык жөнүндө билдирүү алдыңкы орунда турат
АКШнын Apache тик учагы Ормуз кысыгынын жанында кулап түштү
Президент Эрдоган Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучусу менен жолугушту
Армениянын  тышкы иштер министри Мирзоян Түркия менен толук  нормалдашуу боюнча үмүттүү
ДММ "Түрк учактары грек министринин учагына жолтоо болду" деген дооматтарды четке какты
Байрамов Түркия, Азербайжан жана Грузиянын тышкы иштер министрлеринин жыйынында сөз сүйлөдү
Министр Фидан: "Кара деңизде навигациянын коопсуздугунун төмөндөшү тынчсыздандырууда"