Билдирүүгө ылайык, жолугушууда 5-июль күнү кечинде Николаев облусундагы SOCAR май куюучу станциясына дрондор менен кол салуу болгондугуна байланыштуу элчи Евдокимовго Азербайжан тараптын нааразычылыгы билдирилип, окуя боюнча дипломатиялык нота тапшырылды.
Бул биринчи жолу болуп жаткан окуя эмес экендиги белгиленген билдирүүдө, буга чейин да Украинадагы SOCAR компаниясына таандык жаратылыш газын бөлүштүрүүчү компрессордук станция менен Одессадагы мунай базасы аскердик чабуулдарга жана согуштун кыйраткыч кесепеттерине дуушар болгондугу, ал окуяларда ири көлөмдө материалдык зыян келтирилип, компаниянын кызматкерлери жаракат алгандыгы эскертилди.
Бир нече жолу жасалган эскертүүлөргө карабастан ушул сыяктуу кол салуулардын уланып жатышы алардын атайылап уюштурулуп жатканынан кабар берери белгиленип, Киевдеги Азербайжан элчилигинин жана Харьковдогу Ардактуу консулдуктун имараттары да ар кандай аба чабуулдарынан зыян тарткандыгы катталды.
Евдокимов менен болгон жолугушууда Вена конвенцияларына ылайык, дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдү коргоо боюнча милдеттенмелердин так аткарылышынын маанисине көңүл бурулду.
Россиядан аталган окуялардын бардыгын кеңири масштабда иликтөө, болгон окуялар боюнча Азербайжан тарапка тиешелүү түшүндүрмө берүү, ошондой эле жарандык объекттерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди сактоо талап кылынды.


















