Иран армиясынын генерал-майору Амир Хатеми мурдагы диний лидер Али Хаменеинин өлтүрүлүшү боюнча өч алышарын билдирди.
Ирандын мамлекеттик телеканалына маек курган Хатеми, Хаменеи үчүн уюштурулган акыркы сапарга узатуу зыйнаты тууралуу билдирүү жасады.
Хатеми: "Бул шейиттик биздин эркибизди дагы да күчтөндүргөнү шексиз. Иран эли душмандары — канкор АКШ менен Израиль муну билиши керек, шейит имамыбыз (Хаменеи) жана бардык шейиттерибиздин өчүн алабыз", — деди.
Ирандын мурдагы диний лидери Хаменеи үстүбүздөгү жылдын 28-февралында АКШ менен Израиль баштаган кол салууда каза болгон.
Бүгүн борбор шаар Тегеранда Хаменеи менен коштошуу боюнча мамлекеттик иш-чара өтүүдө. Жалпысынан бир жумага жакын созула турган зыйнаттардан кийин, Хаменеинин сөөгү 9-июлда Мешхед шаарында жерге берилет.


















