Жетекчилер шаршемби күнү Индиянын эң калкы көп штаты болгон Уттар-Прадештин бир нече жеринде катуу бороон-чапкын болуп, 89 адам каза болгонун билдирди.
Март жана июнь айына чейинки ысык мезгилде, муссон жамгырлары алып келген жеңилдикке чейин, өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан бул провинцияда көп учурда бороон-чапкындар болуп турат.
Телекөрсөтүүдөгү видеолордо шамалдын катуу күчүнөн дарактар жана жарнак такталары кулап; булардын айрымдары унаалардын үстүнө түшүп, чаң жана урандылардын коштоосунда жол жээгиндеги соода түйүндөрүндөгү жыгач эмеректердин учуп жатканы көрүнүүдө.
Атынын аталышын каалабаган жетекчи басма сөзгө берген маалыматында : “Бороон, чагылган жана жамгыр сыяктуу аба ырайынын кубулуштарынан улам болжол менен 89 адам каза болду”, - деди.
Мамлекеттик жардам көрсөтүү кызматкери Reuters агенттигине берген маалыматында, өлүмдөрдүн бир бөлүгү бак-дарактардын жана үйлөрдүн дубалдарынын кулашынан улам болгонун белгиледи, бирок куткаруу иштери боюнча кеңири маалымат берген жок.
Полиция бейшемби күнү X платформасы аркылуу жасаган билдирүүсүндө: "Административдик кызматкерлерден турган топтор кырсык болгон аймактарды тынымсыз көзөмөлдөп жатышат", - деген сөздөргө орун берди.
Бир тараптан борбор шаар Жаңы Делинин кээ бир аймактарында жааган жамгыр Индира Ганди эл аралык аэропортундагы каттамдардын иштөө тартибине да тоскоолдуктарды жаратты.












