Кытайга таандык согуштук учактар, суверенитет боюнча талаш жаралган Тайвандын айланасында 21 учуу жасаганы билдирилди.
Тайван коргоо министрлигинин X баракчасында жасалган билдирүүдө J-10, J-11, J-16, JH-7 жана Su-30 согуштук учактары менен KJ-500 эрте эскертүүчү жана Y-8 EW электрондук күрөш учактарынын бул таңдан баштап Тайван аралынын айланасында 21 учуу жүргүзгөнү аныкталганы айтылды.
Билдирүүдө учуулардан 15и Тайван кысыгында тараптардын таасир аймактарын бөлүп турган деп эсептелген орто сызыкты кесип өтүп, Тайван тарабынан «Аба коргонуу идентификациялоо аймагы (ADIZ)» деп жарыяланган аймактын түндүк, орто жана түштүк‑батыш бөлүктөрүндө жүргүзүлгөнү белгиленди.
Учуулар Кытай армиясынын «Биргелешкен согуштук даярдык патрулу» алкагында жүргүзүлгөнү айтылып, Тайван армиясы абалды көзөмөлдөп, ылайыктуу жооп кайтараары кабарланды.
Кытай өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептейт деген Тайван 1949‑жылдан бери иш жүзүндө көз карандысыздыкта турат. Кытай материги менен Тайван ортосунда ички согуштан кийин пайда болгон бөлүнүү жана суверенитет боюнча талаш уланып келет.
Соңку жылдары Тайванга карата аскердик басымды күчөткөн Пекин башкаруусу аралды материк менен кайра бириктирүү үчүн зарыл болсо күч колдонууга даяр экенин баса белгилеп келет.




















