Йемендеги хуситтер Сауд Арабиясына таандык F-15 согуштук учагын атып түшүрүшкөнүн айтышты.
Хусилердин аскердик өкүлү Яхъя Сери X социалдык тармак аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө, Сауд Арабиясына таандык бир F-15 согуштук учагы Мариб провинциясынын асманында ата мекендик ракета менен атып түшүрүлгөнүн жактады.
Сери кулаган учактын сыныктарын издөө үчүн аймакка келген башка F-15 жана Typhoon түрүндөгү согуштук учактар да жергиликтүү ракеталар менен бутага алынып, аймактан чыгып кетүүгө мажбур болгонун кабарлады.
Өткөн жума ичинде Йемендин Таиз, Лахиж, Жауф, Хаджжа, Мариб, Саада жана Бейда провинцияларына Сауд Арабиясына таандык "F-15" жана "Typhoon" түрүндөгү учактар менен 450дөн ашык аба соккулары жасалганын айткан Сери, Йемендин аба мейкиндиги ар кандай бузууга жана чабуулга карата жабык болорун маалымдады.
Хуситтерден Мекке тууралуу билдирүү
Бир тараптан Сери Меккени бутага алгандары тууралуу дооматтар чындыкка туура келбестигин жактады.
Сауд Арабиясына багытталган чабуулдарда негизинен мунай ишканалары менен аскердик базаларды гана бутага алгандарын, ыйык жайлардан толугу менен алыс туруучу стратегияны кармангандарын айтты.





















