Мухаммед Багер Зулкадер Вашингтон администрациясы стратегиялык жактан маанилүү Ормуз кысыгынын каттамдарга ачылышы үчүн саясатын өзгөртүшү керек деп билдирип, АКШга алты пункттан турган шарттардын тизмесин тапшырды.
Ишембидеги билдирүүсүндө Зулкадер акыркы алты күндө өлкө боюнча өткөрүлгөн митингдер элдин чечкиндүү эркин чагылдырганын баса белгилеп, АКШ өз позициясын өзгөртүп, шарттар аткарылмайынча кысык жабык бойдон кала берерин билдирди.
Иран талап кылган алты негизги талап төмөнкүлөрдү камтыйт:
Коркутууларды токтотуу: Ирандын диний лидерине каршы коркутууларды жана душмандык риториканы тез арада токтотуу.
Аскердик операцияларды токтотуу: Иранга жана анын аймактагы өнөктөштөрүнө каршы бардык аскердик аракеттерди биротоло токтотуу.
АКШ күчтөрүн чыгарып кетүү: Иранга киргизилген блокаданын артында турган АКШнын деңиз жана аба күчтөрүн чыгарып кетүү.
Компенсация: Акыркы чыр-чатактарда Иран тарткан зыяндын ордун толтуруу.
Санкцияларды алып салуу: Иранга каршы АКШнын санкцияларын толугу менен алып салуу.
Активдерди кайтаруу: Ирандын чет өлкөлөрдө тоңдурулган активдерин бошотуу.
Зулкадир Жогорку Улуттук коопсуздук кеңеши бул талаптар боюнча согушта да, сүйлөшүү столунда да эч качан компромисске барбай турганын баса белгиледи.
Бул окуялар Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелердин келечеги боюнча сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелген мезгилге туш келди. 18-июнда Пакистан менен Катардын ортомчулугу менен түзүлгөн өз ара түшүнүшүү меморандумунда согуштук аракеттерди токтотуп, сооданы акырындык менен калыбына келтирүү каралган. Бирок, келишимдин шарттарын бузду деген өз ара айыптоолордон улам процесс токтоп калган.
















