Орусия аннексиялаган Крымдын башкаруучулугуна дайындалган Сергей Аксенов Telegram аркылуу билдирүүсүндө : «Душмандын (Украинанын) кол салуусу Симферопольдогу турак жай эмес объектилерди бутага алышынын натыйжасында алдын ала маалыматтарга караганда 3 киши каза болуп, 7 киши жараланды” деди.
СУНУШТАЛАТ
Аксенов бир нече сааттан кийинки башка билдирүүсүндө, Украинага таандык бир дрондун шаар четиндеги поездге тийгенин баса белгилеп : «Азовскиден Керчке бараткан шаар четиндеги поездге душмандын учкучсуз учуучу аппаратынын кол салуусунун натыйжасында 1 киши каза болуп, 3 киши жараланды. Тез жардам жана ыкчам топтор окуя болгон жерде иштерин улантууда»,-деди.


















