АКШ президенти Дональд Трамп Нобель тынчтык сыйлыгы өзүнө берилиши керек экендигин айтып, комитеттин чечимин «уят» деп мүнөздөдү жана бул чечимдин Норвегияда “өчпөс так” калтырганын айтты.
Түштүк Африкалык сот жана адам укуктары боюнча активист Нави Пиллай согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар менен күрөшкөндүгү үчүн жума күнү престиждүү сыйлыкка ылайык көрүлдү.
Бирок, Трамп Норвегиянын Нобель комитетинин тандоосун "уялтуучу жана уят чечим" деп, Нью-Йорктун Сиракуза шаарындагы тарапташтарына кайрылып жатып, Пиллайды "эч качан укпаганын" айтты.
"Мен бул адам жөнүндө эч качан уккан эмесмин, ошентсе да куттуктайм", - деди.
“АКШ президент катары мен өкүлчүлүк кылган өлкө Нобель тынчтык сыйлыгын алышы керек болчу, бирок алган жок», — деди Трамп.
Ал Нави Пиллайдын сыйлыкка ылайык көрүлүшү Норвегиянын аброюна «өчпөс так» калтырганын билдирди.
Трамп 2025-жылдын январында Ак үйгө кайтып келгенден бери Нобель тынчтык сыйлыгын алууга кызыкдар экенин бир нече жолу билдирген.
Ал Түндүк жана Түштүк Корея, Япония менен Түндүк Корея, Кытай менен Тайвандын ортосундагы чыңалууну азайтууга салым кошконун айтып, жөнгө салууга катышкан бир катар чыр-чатактарды санап өттү.
Трамп: Норвегияны унутпайбыз
Нобель тынчтык сыйлыгы алтын медалдан, дипломдон жана 1,2 миллион доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктан турат.
«Нобель тынчтык сыйлыгы демократияга каршы жана цивилизациянын чыныгы душмандары болгон бир ууч радикал идеологдордун айынан түбөлүккө кадыр-баркын жоготту. Биз Норвегияны унутпайбыз», — деди Трамп.
Сыйлыктын ээси жарыялангандан кийин Пиллай кол чаап жаткан элге кайрылып: «Дагы бир аз кол чаап койсоңор, балким, бул сыйлыкты Трамп менен бөлүшөм», — деп тамашалады.
Бул сөздөр өткөн жылы Нобель тынчтык сыйлыгын алгандан кийин алтын медалын Трампка берген венесуэлалык оппозициячыл саясатчы Мария Корина Мачадонун аракетин эске салды.





















