Ирандын расмий IRNA маалымат агенттигинин кабарына ылайык, Пезешкиан Тегеранда өткөн өлкөнүн мурдагы лидери Али Хаменеини эскерүү иш-чарасында сөз сүйлөдү.
Биримдикти сактоо өлкөнүн артыкчылыгы экенин айткан Пезешкиан АКШнын киргизген экономикалык санкцияларынын элге тийгизген терс таасирлерине токтолду.
СУНУШТАЛАТ
Элге карата экономикалык кысымды жеңилдетүү керектигин баса белгилеген Иран президенти «Биз согуш да, бейпилдик да болбогон абалдан чыгышыбыз керек. Согуш өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбейт, бирок душман Иран эли багынып берет деп ойлобосун» деди.
Пезешкиан өлкөдөгү саясий топтор менен жетекчилерге саясий талаш-тартыштарды бир тарапка коюп, элдин көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырды.












