Түркия жашыл трансформация максаттарына ылайык, Европа инвестициялык банкынан (ЕИБ) 200 миллион евро кардылоо алды.
«Анадолу» агенттигинин Казына жана каржы министрлигинен алган маалыматына караганда, Түркиянын ыңгайлуу шарттарда тышкы каржылоону камсыздоо боюнча иштерин улантууда.
Европа инвестициялык банкынан бөлүнө турган жана Түркиянын жашыл трансформация максаттарын колдоону көздөгөн, Казына кайтарып берүү кепилдиги астындагы 200 миллион евролук эки башка каржылык келишимге кол коюлду.
Түркиянын глобалдык климаттык максаттары жана жашыл өнүгүү концепциясына ылайык алынган бул каражат менен реалдуу сектордун жана экспортчулардын кайра жаралуучу энергия, энергия натыйжалуулугу, ошондой эле жашыл жана туруктуу өнөр жай тармагындагы инвестицияларын колдоо максатталууда.
Бул насыялар менен бирге быйыл берилген жеңилдетилген шарттагы тышкы каржы суммасы 4,9 миллиард долларга жетти.
"Түркияга карата колдоо өсүп жатат"
Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек бул маселе боюнча берген билдирүүсүндө, Европа инвестициялык банкы менен тыгыз кызматташтыктын натыйжасында Түркиянын өнүгүүгө багытталган долбоорлорун колдоо өсүп жатканын белгиледи.
Министр Шимшек Европа Биримдиги менен болгон мамилелерге көңүл буруп, төмөнкүлөрдү кошумчалады: «Өлкөбүздүн Европа Биримдиги менен болгон мамилесиндеги позитивдүү динамиканын оң таасири сырткы каржылоо тармагында конкреттүү түрдө көрүнө баштады. Бул алкакта Европа инвестициялык банкынан өлкөбүздүн өнүгүү артыкчылыктарын колдоо максатында, 2023-жылдагы жер титирөөдөн кийинки кайра калыбына келтирүү иштерине берилген насыяны эсепке албаганда, 8 жылдык тыныгуудан кийин ыңгайлуу шарттагы каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кайрадан ишке киргизди».













