23-апрель Улуттук эгемендик жана балдар күнүндө аскердик формачан балдар түрк ырчысы Кырачтын аткаруусундагы "Мекен гимнин" ырдашты. Түркиянын Коргоо министрлиги тарабынан жарыяланган видеодо балдар Түрк куралдуу күчтөрүнүн көрүнүштөрүнүн коштоосунда ырдап жатышат.
1920-жылы Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышын белгилөө үчүн майрамдала баштаган бул күн кийинчерээк Мустафа Кемал Ататүрк тарабынан үмүттүн жана келечектин символу катары балдарга арналган.
