ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израиль Газада бир турак жайды атты жана беш киши каза болду
Палестинанын саламаттыкты сактоо жана жергиликтүү булактарынын маалыматы боюнча, Газадагы турак жай имаратына жасалган Израилдин аба соккусунан төрт христиан аял жана бир эркек каза болуп, алты адам жаракат алды.
Израиль Газада бир турак жайды атты жана  беш киши каза болду
2026-жылдын 3-октябрында таң эрте Израилдин Газадагы турак жайга урган соккусунан кийин катуу талкаланган имараттагы урандыларды карап жаткан киши. /AFP

Израиль армиясы 2025-жылдын октябрынан бери күчүндө болгон АКШ жетектеген ок атышууну токтотуу эрежесин бузууну улантып, ишемби күнү Газада беш палестиналыкты өлтүрүп, алты кишини жарадар кылды.

Шифа ооруканасынан саламаттыкты сактоо булагы Анадолу агенттигине берген маалыматта Газанын батышындагы турак жайды бутага алган Израилдин аба соккусунан экөө христиан болгон төрт аял жана бир жаш жигиттин каза болгонун билдирди.

Жергиликтүү булактар ​​жана күбөлөрдүн айтымында, ишемби күнү эртең менен Израиль учактарынын АСАЛА турак жай комплексиндеги батирге кеминде эки ракета атып, батирди талкалап, айланадагы үйлөргө чоң зыян келтирген.

Бомбалоодон кийин өрт чыкты.

Жергиликтүү булактар ​​ Израиль армиясынын Газанын түндүк-чыгышындагы Туффах конушунун чыгышында көзөмөлүндөгү аймактарда айрым имарат жана объектилерди талкалаганын билдиришти.

Газанын түштүгүндө Израилдин артиллериясы Хан Юнустун түштүгү жана чыгышы менен Рафахтын түндүгүндөгү аймактарды катуу аткылаган. Күбөлөр аймактарда катуу атышуулардын үнүн укканын билдиришкен.

Газанын борбордук бөлүгүндө Израилдин аскердик унаалары Бурейж качкындар лагеринин чыгышындагы аймактарды атышты.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бейшемби күнүнө карата ок атышууну токтотуу келишимин бузуунун натыйжасында кеминде 1439 палестиналык каза болуп, 5052 адам жаракат алды.

Палестина бийлигинин берген маалыматына ылайык, Израиль 2023-жылдын октябрынан бери Газада 74 000ден ашык палестиналыкты өлтүрүп, 175 000ден ашык адамды жарадар кылган. Ошол эле чурда Израилдин чабуулдарынын натыйжасында аймактын инфраструктурасынын болжол менен 90% талкаланды.

Иликте
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду
Еврпа Биримдиги: Россиян тузагына түшпөйбүз, коркутуу жана үркүтүү тактикаларын ачыкка чыгарбайбыз
ЕБ энергетика тармагындагы баа кризиси жөнүндө эскертти
Эрдоган: «Террорсуз Түркия» аракеттери Түркиянын душмандарына бөгөт коюучу таасир жаратты»
Европа Биримдигинин Түркиядагы делегациясынын башчысы элчи Айво Орав Трабзондо сөз сүйлөдү
Нигерияда кен аймагында болгон селде 9 адам каза болду
Otokar болжол менен 1,5 миллиард долларлык экспорттук келишимге кол койду
Акыркы 24 сааттын ичинде Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан дагы сегиз адам каза болду
Дания Кансыз согуштан берки эң ири аскердик машыгуусун өткөрүп жатат
Пакистан Ооганстанга абадан сокку урду
Орусия: "Украинадагы логистикалык жана байланыш борборлору менен бир кемеге сокку урдук"
Трамп: Түштүк Корея АКШдагы энергетикалык долбоорлоруна 200 миллиард долларлык инвестиция салат
Улуттук Чалгындоо Уюму  Рейханлыдагы кол салуунун аткаруучусун кармады
Израилдин чабуулдарында каза болгон 105 палестиналык менен коштошуу аземи өттү