Түркиянын издөө-куткаруу жана гуманитардык жардам топторун ташыган учак Стамбул Ататүрк аэропортунан Венесуэлага учуп кетти.
Стамбул облустук Кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу (AFAD) башкармалыгынын башчысы, профессор доктор Халук Өзенер Венесуэлага карай жолго чыккан издөө-куткаруу топторун жана гуманитардык жардам материалдарын ташыган учак учаар алдында Стамбул Ататүрк аэропортунда билдирүү жасады.
Өзэнер кечээ Венесуэланын Яракуй аймагында 39 секунддук аралык менен 7,2 жана 7,5 баллдык жер титирөө кабарынан кийин Тышкы иштер министрлиги, Улуттук коргонуу министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Президенттин Коопсуздук иштери боюнча башкы башкармалыгы баш болгон тиешелүү мекемелер менен байланыш түзүлүп, даярдыктардын башталганын айтты.
Башкы штаб менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында А-400М тибиндеги аскердик жүк ташуучу учак бөлүнгөнүн белгилеген Өзенер сөзүн төмөнкүчө улантты: "Топтун курамында Стамбул, Измир жана Денизли провинцияларынан AFADдын 37 издөө-куткаруу жана гуманитардык жардам кызматкери, Саламаттыкты сактоо министрлигинен 6 кишилик Улуттук медициналык куткаруу тобу (UMKE), Түрк Кызылайынан 2 кишилик гуманитардык жардам тобу, 2 издөө-куткаруу итибиз жана толук жабдылган 2 издөө-куткаруу унаабыз менен бирге жолго чыгууга даяр турабыз. Ошондой эле, Башкы штабыбыз тарабынан ушундай эле дагы бир учак бөлүнүп, Гуманитардык жардам бригадасынан 20 кишилик аскердик топ да аймакка жөнөтүлөт. Учурда Тышкы иштер министрлигибиз жана Венесуэладагы элчилигибиз менен байланыштабыз. Зарылчылык жаралса, кошумча жабдыктар жана кызматкерлер менен дагы жардам көрсөтүлөт".





















