ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Түрк мамлекеттеринин ортосунда электрондук соода жана санариптик кызматтар жеңилдетилет
ТМУга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда санариптик экономика жаатындагы өнөктөштүк келишими аркылуу электрондук соодага, санариптик кызматтарга жана чек аралар аралык маалыматтарга негизделген экономикалык иш-аракеттерге тоскоолдуктарды жоюу максатталууда.
Түрк мамлекеттеринин ортосунда электрондук соода жана санариптик кызматтар жеңилдетилет
Түрк Мамлекеттери Уюму

Соода министрлигинин билдирүүсүндө "Түрк мамлекеттери уюму ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы санариптик экономика боюнча өнөктөштүк келишимин бекитүү жөнүндө мыйзам" Расмий гезитте жарыяланганы айтылды.

Ушундайча Түркия Азербайжан менен Өзбекстандан кийин келишимге байланыштуу ички ратификациялоо процессин аяктаган үчүнчү өлкө экени жана Кыргызстан менен Казакстан да ички ратификациялоолорун аяктагандан кийин күчүнө кирери билдирилди.

Билдирүүдө келишимдин чоо-жайы жөнүндө маалымат берилип: "Келишим менен ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы электрондук коммерцияга, санариптик кызматтарга жана чек аралар аралык маалыматтарга негизделген экономикалык иш-аракеттерге тоскоолдуктар алынып салынат, ошондой эле бул иш-аракеттерди жеңилдетет жана жалпы эрежелерди белгилейт, ушундайча санариптик экономикада интеграцияланган жана алдын ала айтууга боло турган кызматташтык алкагын түзөт", - делди.

Ошондой эле билдирүүдө Түрк дүйнөсүндө коммерциялык жана технологиялык интеграциянын күчтөндүрүлүшү, бизнестин санариптик рынокторго жетүүсүн жеңилдетүү үчүн инновациялык технологияларды колдонуунун кубатталышы жана аймактык атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн жогорулатылышы камсыздала тургандыгы баса белгиленди.

Иликте
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат
Түркия менен Сириянын ортосунда саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу
Пакистандын түндүк  - батышында болгон бомбалуу эки кол салууда  7 киши каза болду
Президент Эрдоган Сингапурдун премьер-министри Вонгду расмий салтанат менен тосуп алды
Россиянын Украинадагы кол салууларында  6 киши каза болду
Отчет: 2025-жылы Грецияда төрөлүү көрсөткүчү төмөндөдү
Түркия жана дагы 7 өлкө баскынчы израилдик күчтөрдүн Батыш Шериадагы чабуулдарын катуу айыпташты
Түркия менен Кыргызстандын ортосунда шаар курулушу жаатында кызматташтык келишимине кол коюлду
Орусия: Украина Запорожье атомдук электр станциясындагы транспорттук имаратка кол салды
Сингапурдун премьер-министри Вонг Түркияга келет