ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Грециядан карыздары үчүн Акрополду сатуу талап кылынды
Европа Комиссиясынын мурдагы төрагасы Жан-Клод Юнкер Грециянын экономикалык кризиси күчөгөн маалда, Европа Биримдигине мүчө өлкөнүн аты аталбаган каржы министри карыздарды жабуу үчүн Акрополду сатууну сунуштаганын айтты.
Грециядан карыздары үчүн Акрополду сатуу талап кылынды
Адамдар Афинадагы Акрополду караган Филопаппу дөңсөөсүндө сейилдеп жүрүшөт. / Reuters

Skai TV каналында көрсөтүлгөн "Sto Xiliosto" даректүү тасмасында сөз сүйлөгөн Юнкер бул сунуштун Еврогруппанын жыйынында айтылганын билдирди.

Бул сунуштун түз мааниде же каймана мааниде айтылганы боюнча кеңири маалымат бербеген Юнкер, сунуш кылган адамдын атын атоодон баш тартты бирок сунуш кылгандын аял экенин белгиледи.

«Тынчтангыла дедим”

2005–2013-жылдары Еврогруппанын төрагасы болгон Юнкер ал учурларды бул сөздөр менен түшүндүрдү: «Еврогруппанын жыйнындарында кээ бир каржы министрлери акча табуу үчүн Акрополисти сатуу сунушун киргизишкени эсимде. Мен аларга тынчтангыла дедим”.

Юнкер муну Грециянын 2009 - жылдагы кризис чыккандан мурун бюджет тартыштыгын аз көрсөтүүнүн кандай оор кесепеттерге алып келгенин баса белгилөө үчүн бөлүштү.

«Ишенимдин жоктугу баарын айтууга жол ачты»

Грециянын маалыматтар боюнча кетирилген катаны моюнга алгандан кийин ишенимдин жоголгонун айткан Юнкер: «Бул абдан чоң ката болчу. Башкаларды адаштырганын моюнга алгандан кийин Грецияга ишеним калган жок. Негизги маселе ушунда эле. Ошол себептүү ар ким Греция тууралуу каалаган нерсесин айта алчу», — деди.

Юнкер кризис учурундагы мындай мамилелер, ишеним солкулдаган шартта канчалык чектен чыгып кетиши мүмкүн экенин баса белгиледи.

Иликте
Түркиянын тышкы иштер министри Ормуз кысыгын "курал" катары колдонбоо керектигин айтты
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Катарда
Ливандын түштүгүндө Израилдин аба соккусунан кеминде алты адам каза болду
Трамп Пекин сапарынан кийин медициналык текшерүүдөн өтөт
Зеленский үч күндүк ок атышпоодон кийин Орусиянын Украинага абадан сокку урганын кабарлады
Венесуэла АКШнын президенти Трампка каршылык көрсөттү
Испания Европа армиясын түзүүгө чакырды
Иранга каршы согуш америкалыктарга 37 миллиард доллардан ашык кошумча энергия чыгымын алып келди
БАЭ АКШ менен Израилдин Иранга карата согушу жүрүп жатканда Иранга жашыруун кол салуу жасаган
Окумуштуулар коронавирус жана грипп сыяктуу вирустарды үн толкундары менен жок кылды
Барселонанын супер жылдызы Ламин Ямаль чемпиондукту майрамдоодо Палестинанын желегин желбиретти
Украин армиясы: "Ок атышпоо аяктагандан кийин Орусия Киевге дрон менен чабуул койду"
Бен-Гвир мыйзамсыз отурукташкандарга санкциялардан кийин Евробиримдикти сындады
Хантавирус пандемиясынын чордонундагы круиздик кеме эвакуациядан кийин Нидерландияга бет алды
Азия Иран согушунан улам экинчи энергетикалык кризиске даярданууда