Зеленский социалдык медиа аккаунтундагы жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө Орусия менен Украинанын ортосунда 9-11-майдагы 3 күндүк убактылуу ок атышууну токтотуу аяктагандан кийин фронттогу абал боюнча маалымат берди.
Орусиянын түнү өлкөсүнө 200дөн ашык куралдуу пилотсуз учуучу аппараттар менен чабуул койгонун айткан Зеленский "Фронт линиясына 80ден ашык аба бомбасы ташталганын жана 30дан ашык аба соккусу катталганын" кошумчалады.
Зеленский аба соккулары Днепропетровск, Киев, Житомир, Харьков, Сумы, Николаев жана Чернигов аймактарын бутага алганына көңүл буруп "Орусия бир нече күндөн бери күчүндө болгон жарым-жартылай ок атышпоону өзү токтотууну чечти" деди.
Өлкөсүнүн ар кайсы аймактарына жасалган чабуулдарда энергетикалык объектилерге, көп кабаттуу үйлөргө, бала бакчанын имаратына жана поезд локомотивине да сокку урулганын айткан Зеленский "Бул чабуулдардын натыйжасында жаракат алгандар бар экени белгилүү. Тилекке каршы, өлүмдөр да бар", - деп кошумчалады.
Алар мурда Орусиянын чабуулдарына жооп кайтара тургандыктарын билдиришкенин эске салган Зеленский: "Орусия бул согушту токтотуп, туруктуу ок атышпоо үчүн кадамдарды жасашы керек", - деди.
Украинанын Аба күчтөрүнүн командирлигинин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө болсо, орус армиясы кечинде Украинага 216 дрон менен чабуул койгону маалымдалды.
Билдирүүдө абадан коргонуу күчтөрү тарабынан 192 дрон жок кылынганы, ал эми калгандары өлкөнүн 10 башка жерине тийгени кабарланды.
Ок атышууну токтотуу процесси
Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин 9-майдагы Жеңиш күнүнүн урматына Украинада 8-9-майда ок атышууну токтотууну чечкен.
АКШнын президенти Дональд Трамп да Орусия менен Украинанын ортосунда 9-11-май аралыгында үч күндүк убактылуу ок атышпоо жарыяланганын жана бардык аскердик иш-аракеттер токтотулуп, эки өлкөдөн 1000 согуш туткуну алмашыла турганын айткан.
Орусия да, Украина да Трамптын демилгесин кабыл алгандарын билдиришкен.












