ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Трамп: "Иран сүйлөшүүлөрү абдан жакшы баратат, жакында келишим түзүлөт"
АКШнын президенти Трамп Тегеран менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр жакшы жүрүп жатканын жана эки тарап да макулдашууга даяр экенин билдирди.
Трамп: "Иран сүйлөшүүлөрү абдан жакшы баратат, жакында келишим түзүлөт"
Трамп келишим түзүлүү алдында турганын билдирди: АКШ менен Иран сүйлөшүүлөрдү жандандырууга жакындап, ортомчулар кыска мөөнөттүү алкактык долбоорду сунушташууда. / Reuters

АКШнын президенти Дональд Трамп, Иран согушту токтотуу боюнча АКШнын сунушун карап жатканын жана Вашингтон акыркы 24 сааттын ичинде Тегеран менен «абдан жакшы сүйлөшүүлөрдү» өткөргөнүн билдирди.

Трамп шаршемби күнү Овал кеңседе журналисттерге: «Келишим түзүү мүмкүнчүлүгүбүз абдан жогору. Иран маселесинде баары абдан жакшы баратат. Процесс абдан жеңил илгерилөөдө, эмне болорун көрөбүз. Алар келишим түзүүнү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү каалап жатышат»,- деп билдирди.

Wall Street Journal басылмасынын шаршемби күнкү кабарына ылайык, Иран менен АКШ учурда согушту токтотууга жана Ормуз кысыгын ачууга багытталган сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн ортомчулар менен биргеликте жалпы алкактын (пландын) үстүндө иштеп жатышат. Сүйлөшүүлөрдүн келерки аптада Исламабадда башталуу ыктымалы бар экени айтылууда.

Трамп ошондой эле Fox News телеканалынын кабарчысы Брет Байерге берген маегинде, Иран менен боло турган потенциалдуу келишим «бир жуманын» ичинде жыйынтыкталышы мүмкүн экенине ишенерин билдирди.

Байер түз эфирде буларды билдирди: "Жакында эле президент менен телефон аркылуу сүйлөштүм; ал бул келишимге, бул өз ара түшүнүшүү меморандумуна оптимисттик көз карашта жана натыйжа берерин ойлоп жатат. Айтып коюшум керек, ал этияттык менен оптимисттик көз карашта... Мен андан убакыт графиги кандай болорун сурадым, ал баарын жыйынтыктап, бүтүрүү үчүн бир жумалык мөөнөттү болжолдоп жатат».

Навигация эркиндиги

АКШ жана Израилдин 28-февралда Иранга каршы сокку уруусу менен курчуган аймактык чыңалуу Тегерандын Израилге жана Перс булуңундагы АКШнын союздаштарына жооп кайтаруусуна, ошондой эле Ормуз кысыгынын жабылышына алып келген.

Пакистан ортомчулугу менен түзүлгөн ок атышууну токтотуу келишими 8-апрелде күчүнө кирди бирок Исламабаддагы сүйлөшүүлөр узак мөөнөттүү келишимге жетише алган жок. Бул ок атышууну токтотуу кийинчерээк Трамп тарабынан мөөнөтү белгисиз узартылган.

13-апрелден бери АКШ Ормуз кысыгындагы деңиз каттамдарына каршы деңиз блокадасын киргизүүдө.

Шейшемби күнү Трамп АКШнын аскерлери Ормуз кысыгы аркылуу коммерциялык кемелердин навигация эркиндигин калыбына келтирүүгө багытталган "Эркиндик долбоорун" убактылуу токтото турганын, бирок АКШнын блокадасы "толук күчүндө жана таасири менен" күчүндө кала берерин жарыялады.

Иликте
Украина Россияны ок атышууну токтотууга чейин жаңы чабуулдарды баштоо менен айыптады
Аракчи: "Иран АКШ менен "адилеттүү жана ар тараптуу келишимди" гана кабыл алат"
Израиль кол салуулардын алдында Ливандын түштүгүндөгү 12 айылга карата эвакуация буйругун жарыялады
Түндүк Корея Түштүк Корея менен биригүүгө байланыштуу билдирүүлөрдү конституциясынан чыгарды
Ирандын тышкы иштер министри Аракчи Пекинде кытайлык кесиптеши Ван менен жолугушту
Трамптын психикалык жана физикалык саламаттыгына болгон ишеним азайды
АКШ Пешавардагы консулдугун жабуу чечимин кабыл алды
Киев менен Москва өз  -  өзүнчө ок атышпоо сунуштарын киргизип, кол салууда 21 украиналык каза болду
Куба Вашингтонду экономикалык согуш жүргүзүп жатат деп айыптады
Израилде сот Газа флотундагы активисттерди камакка алуу мөөнөтүн жекшембиге чейин узартты
АКШ Украинанын атуу аралыгын 373 миллион долларлык бомба пакети менен кеңейтүүнү пландоодо
Гөргүн: Максат 11 миллиард долларлык экспорт жана алдыңкы 10го кирүү
CNN: Израиль жана АКШ Иранга басым жасоо үчүн ыктмалдуу чабуулга даярданууда
Иран: "Азыркы учурда биздин чечимибиз согушту токтотууга көңүл буруу"
ЕБден АКШга тарифтер тууралуу "бардык сценарийлерге даярбыз" деген билдирүү жасалды