Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиядагы Новороссийск деңиз базасына кол салгандарын жарыялады.
Социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө Зеленский Украинанын Орусиядагы буталарга карата уланып жаткан чабуулдары тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Фронт сызыгынан 300 чакырымдан ашык алыстыкта жайгашкан Новороссийск деңиз базасына кол салгандарын айткан Зеленский, алар чабуулда "Нептун" тибиндеги ракеталарды, "Паляниция" тибиндеги куралданган пилотсуз учуучу аппараттарды (ПУА) жана капитансыз деңиз кемелерин колдонгондорун айтты.
Зеленский: "Абадан коргонуу позицияларына жана порт инфраструктурасына сокку уруулар тастыкталды", - деп билдирди.
Орусиядагы буталарга кол салуулар уланып жатканын баса белгилеген Зеленский "Орусиянын агрессиясы улана берсе, оккупациялык флот жана аны колдогон инфраструктура коопсуз болбойт. Согуш токтотулушу керек. Дипломатия боюнча бардык ылайыктуу сунуштар талкууланууда", - деди.
Зеленский ошондой эле чабуулга таандык деп болжолдонгон сүрөттү да бөлүштү.
















