Президент Режеп Таййип Эрдоган Австриянын премьер-министри Кристиан Штокер менен болгон жолугушуусу тууралуу: «Бажы биримдигин жаңылоо жана визасыз режим диалогу баш болгон Европа Биримдигинин таштай турган кадамдары баарыбыздын кызыкчылыгыбызга жооп берерин баса белгиледим», — деди.
Эрдоган Президенттик сарайда Австриянын премьер-министри Штокер менен болгон жолугушуудан кийин өткөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Президент Эрдоган Түркияга канцлер катары биринчи жолу келген Штокерди Анкарада кабыл алганына кубанычта экенин билдирди.
«Калкынын саны 400 миңден ашкан Австриядагы түрк коомчулугу эки мамлекеттин орток баалуулугу жана байлыгы болуп саналат. Бул контекстте Австриядагы түрк коомчулугунун бейпилдиги менен аманчылыгына берген маанини бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө да баса белгиледик», — деди Эрдоган.
Эрдоган Штокер менен эки тараптуу карым - катнаштарды ар тараптуу талкуулап, Түркия-Европа Биримдиги карым - катнаштары, ошондой эле аймактык жана глобалдык окуялар боюнча пикир алышкандарын кошумчалады.
Эки тапатуу соода көлөмү
Австрия менен болгон карым - катнаштарда акыркы учурда жетишилген оң динамиканын экономикалык жана соода мамилелеринде да чагылдырылганын көрүп кубанып жатышканын баса белгилеген Эрдоган: «Биз Австрия менен жашыл энергия, маанилүү минералдар, жогорку технологиялар, транспорт жана коргонуу өнөр жайы тармактарында олуттуу кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө ээбиз. Атап айтканда, Ортоңку коридорду бекемдей турган стратегиялык кызматташтыкты биргелешип ишке ашыра алабыз деп ишенебиз», - деди.
Түркия — коопсуздук жана миграция боюнча ачкыч мамлекет
Австриянын канцлери Кристиан Штокер болсо, Түркиянын Австрия жана Европа Биримдиги үчүн коопсуздук жана миграция маселелери боюнча ачкыч өлкө экенин белгиледи.
Мыйзамсыз миграция, адам сатуу жана уюшкан кылмыштуулук сыяктуу маселелерде өлкөсүнүн Түркия менен абдан тыгыз кызматташып жатканын айткан Штокер Түркиянын 10 жылдан ашуун убакыттан бери сириялык качкындарга башпаанек берип келе жатканын эске салды.
Штокер: «Бул өтө маанилүү, чынында эле мактоого арзырлык аракет деп эсептейбиз»,- деген пикирин билдирип, үчүнчү өлкөнүн жарандарын кайра кайтаруу (реадмиссия) маселесинде Түркия менен кызматташуу өзгөчө мааниге ээ экендигин айтты.
















