Мамлекеттик маалымат каражаттары байланыш спутнигин ташыган Кытай ракетасынын учурулушу ийгиликтүү болбьогонун жарыялашты; жаңылыктарда жана видеолордо космостук унаанын абада жарылганын билдирсе да жетекчилер ийгиликсиздикти "учуу аномалиясы" менен байланыштырышты.
Синьхуа мамлекеттик маалымат агенттигинин билдиргени боюнча дүйшөмбү күнү болгон жана сейрек көрүлгөн учуруудагы ийгиликсиздик Кытайдын эң түштүгүндө Хайнань провинциясындагы Вэньчан космостук учуруу аянтчасынан жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:02де (GMT боюнча саат 12:02) учурулган "Long March 7A" ракетасын камтыган.
Синьхуа Zhongxing-4B байланыш спутнигин ташыган ракетанын учушу учурунда "аномалия" болгонун жана анын себеби иликтенип жатканын билдирди.
Сингапурда жайгашкан Channel News Asia телерадиокомпаниясы ракетанын жарылуусу тууралуу Instagram баракчасында жарыялап, асмандагы от шарына таң калып карап турган элдин сүрөтүн жарыялады.
"Оор" тапшырма
Кытайдын космос агенттигинин маалыматы боюнча, өлкө июль айында биринчи кайра колдонулуучу ракетасын ийгиликтүү кондурган, бул Кытайдын космостук амбицияларына жана учуруу чыгымдарын азайтууга карай маанилүү кадам.
Кытай 2030-жылга чейин космонавттарды Айга кондурууну көздөп, АКШнын Artemis программасы менен атаандашат.
SpaceX компаниясынын башкы директору Илон Маск дүйшөмбү күнкү ишке ашпай калган учуруу боюнча комментарий берип:"Ракета бизнеси абдан кыйын. Алар тез арада калыбына келет деген үмүттөмүн",- деди.
Синьхуа агенттиги 2020-жылдын март айында Кытайдын Вэньчан полигонунан ишке ашырган биринчи "Long March 7А" ракетасын учуруу "техникалык мүчүлүштүктөн" улам ишке ашпай калгандыгын билдирген.


















