ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
АКШ армиясы жалпы Иранда 80ден ашуун бутаны атканын билдирсе, Тегеран куралдуу күчтөрдүн Американын кандайдыр бир куралдуу кол салуусуна "катуу жооп кайтарарын" белгиледи.
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
АКШ армиясы Иранга кубаттуу аба соккуларынын жаңы толкунун баштады. (Сүрөт: АРХИВ) / Reuters

АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) Ирандын Ормүз кысыгынан өтүп бара жаткан үч коммерциялык кемеге жасаган чабуулдарына жооп катары, Иранга каршы бир катар кол салууларды баштаганын жарыялады.

CENTCOM Х баракчасында жарыялаган билдирүүсүндө: "АКШнын Борбордук командирлигинин күчтөрү эл аралык суу жолунда күнөөсүз жарандардан турган экипажы бар коммерциялык кемелерди бутага алып, кол салгандыгы үчүн Иранга оор кун төлөтүү максатында бир катар катуу соккуларды урду", — деп билдирди.

АКШ армиясы кийинчерээк Иранда 80ден ашык бутага сокку урганын кошумчалады.

CENTCOM өбилдирүүсүндө күчтөрүнүн стратегиялык суу жолунун ичинде жана тегерегинде Ирандын абадан коргонуу системаларын, командалык жана башкаруу тармактарын, жээктеги радар станцияларын, кемеге каршы ракеталык потенциалын, Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусуна (ИИРСК / IRGC) таандык 60тан ашык чакан кайыкты бутага алган сокку уруу операцияларын ишке ашырганын белгиледи.

Ал арада Ирандын жогорку биргелешкен аскердик командасы Ормуз кысыгынан өткөн соода жана мунай танкерлер үчүн коопсуз болгон бир гана маршрут Тегерандын аныктаган жолу экенин эскертип, АКШнын бул стратегикалык деңиз жолун башкарууга кийлигишүүсүнө жол бербей турганын баса белгиледи.

Армия өзгөчө АКШнын соккуларын айыптап, муну Иранга карата жасалган "ачык агрессия" деп атады жана анын куралдуу күчтөрү Американын каалаган чабуулуна "кыйратуучу жооп" кайтарарын эскертти.

Чыңалуу күчөп баратат

Катар буга чейин Ормуз кысыгына жакын жерде Ирандын Катарга таандык кемеге жасаган чабуулун айыптап, Тегеранды деңиз коопсуздугуна жана дүйнөлүк энергия менен камсыздоого коркунуч келтирген аракеттерин дароо токтотууга чакырган.

Катардын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мажид эл-Ансари шейшемби күнү Х баракчасында жасаган билдирүүсүндө стратегиялык суу жолунун жанынан өтүп бара жаткан Катарга таандык "Al Rekayyat" суюлтулган жаратылыш газын (LNG) ташуучу танкеринин бутага алынышы "эл аралык деңиз навигациясынын коопсуздугуна жана бейпилдигине кабыл алынгыс кол салуу" экенин белгилеген.

"Axios" агенттигинин АКШлык эки жетекчиге шилтеме берүү менен жасаган кабарына караганда, Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу дүйшөмбү күнү кечинде Ормуз кысыгынан өткөн коммерциялык кемелерге кеминде эки ракета аткан.

АКШлык жетекчилердин бири эки коммерциялык кеменин олуттуу зыян тартканын, бирок адамдардын каза болбогонун белгиледи.

Улуу Британиянын Деңиз соода операциялары боюнча агенттиги (UKMTO) шейшемби күнү эртең менен берген билдирүүсүндө, бир танкер Омандын Лимах (Limah) шаарынан болжол менен 15 чакырым чыгыш тарапта түштүктү көздөй багыт алып бара жатканда, кеменин сол капталына кайдан келгени белгисиз снаряд тийип, өрт чыкканын билдирген. Окуяда адам өмүрүнө же айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген эч кандай чыгым катталган эмес.

Иликте
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"
Анкара НАТО саммитине  негизги эл аралык медиа борборун даярдады
Сабиха Гөкчен аэропорту жүргүнчүлөр боюнча рекордго жетти
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди
Эрдоган Болгариянын премьер-министри Радевди кабыл алды
АКШ президенти Трамптын Анкарадагы программасы белгилүү болду
Фидан: "Эрдоган менен Трамптын ортосундагы жакшы мамилелер НАТО ичиндеги чыр-чатактарды азайта алат"
Президент Эрдоган  НАТО саммитинде дүйнө лидерлерин тосуп алат
Германия: ЕвропаТрампка  жамааттык коргонуу тууралуу берилгендигин НАТОдо көрсөтөт
TCG Оручреис АКШнын Көз карандысыздык күнү иш-чарасына катышып, Нью-Йоркто Түркияны өкүлдүк кылды
Иранда Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатынын экинчи күнүндө дубалар окулду
Түркиянын U16 Хоккей боюнча улуттук курама эркектер командасы Европа Чемпиону болду
Венесуэладагы жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны 2 миң 954гө жетти
Венесуэладан түрк издөө-куткаруу командаларына баатырдык медалы
Хакан Фидан Израиль өзүнүн бузулган имиджин калыбына келтирүү үчүн жаңы душман издеп жатканын айтты