Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган 7-8-июлда Анкарада өтө турган саммиттин алкагында Президенттик комплекс имаратында 32 мамлекет жана өкмөт башчылары менен жолугушат.
Президент Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамп, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Словакиянын президенти Петер Пеллегрини, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони, Канаданын премьер-министри Марк Карни, Албаниянын премьер-министри Эди Рама, Болгариянын премьер-министри Румен Радев, Черногориянын премьер-министри Милойко Спайич, НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте жана Европа Кеңешинин төрагасы Антонио Коста сыяктуу лидерлер менен жолугушат.
Президент Эрдогандын 7-июлда АКШнын президенти Трамп менен жекеме-жеке жолугушуу жана биргелешкен пресс - жыйыны өткөрүшү күтүлүүдө.
Президент Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган 7-июль күнү кечинде президенттик сарайда мамлекет жана өкмөт башчыларынын жана жубайларынын урматына кечки тамак берет.
Лидерлер Бештепе улуттук көргөзмө залында өз - өзүнчө пресс - жыйын өткөрүшөт
Президент Эрдоган 8-июлда лидерлерди иш-чара өтүүчү аянтчага келгенде тосуп алат жана эстеликке үй-бүлөлүк сүрөткө түшүшөт. НАТОнун баш катчысы Марк Рюттенин ачылыш сөзүнөн кийин жыйында президент Эрдоган жана башка лидерлер сөз сүйлөшөт.
Жыйындан кийин президент Эрдоган, АКШнын президенти Трамп жана айрым лидерлер Бештепе улуттук көргөзмө залында өзүнчө пресс - жыйындарын өткөрүшөт.
Коргонуу инвестицияларын көбөйтүү чечиминин алкагында көрүлгөн кадамдар жана альянстын баш тарттыруучу жана коргонуу иармагындагы аракеттери 360 градустук көз караш менен карала турган саммитте лидерлер Евро-Атлантика аймагы туш болгон коркунучтар, тобокелдиктер жана кыйынчылыктар боюнча стратегиялык деңгээлде пикир алмашышат.
Украинадагы кырдаал жана альянстын түштүгүндөгү акыркы окуялар талкуулана турган саммитке НАТОго мүчө 32 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле дээрлик 100 министр, көптөгөн жогорку даражалуу дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен башка чакырылган коноктор катышат.


















