Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Европа менен Азиянын ортосундагы аба каттамдарынын көпчүлүк бөлүгү Россия менен Украинанын ортосундагы кагылышуунун жана Ирандын айланасындагы аскердик чыңалуулар уланып жаткан учурда Түштүк Кавказ аркылуу жүргүзүлүп жатканына көңүлдөрдү буруп: "Бул аймактагы туруктуулуктун жана тынчтыктын натыйжасы",- деди.
Байрамов бул сөздөрдү Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан жана Грузиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мака Ботчоришвилинин катышуусунда Чыраган сарайында өткөн Түркия-Азербайжан-Грузия үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин 10-жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында айтты.
Жакынкы Чыгышта жана Газада туруктуу тынчтыкка жетишүүнүн маанисин баса белгилеген Байрамов Ирандын айланасындагы окуялар үч өлкөгө да таасир этерин айтты.
Байрамов: "Дипломатиялык жана саясий каражаттарга артыкчылык берилип, ал эми эл аралык укук сакталышы керек. Ок атышууну токтотууга жетишүү жана андан кийин туруктуу тынчтыкты орнотуу бүткүл аймак үчүн эң маанилүү маселелердин бири", - деди.
Байрамов Түркия, Азербайжан жана Грузиянын ортосундагы кызматташтык күн тартибинин кеңири экенин айтып, үч дос жана коңшу өлкөнүн ортосунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана иш-чаралар боюнча үзгүлтүксүз кеңешүүлөрдүн маанисин баса белгиледи.
Дүйнөлүк көйгөйлөрдү биргелешкен аракеттер менен чечүүгө болорун баса белгилеген Байрамов: «Дүйнөлүк мүнөздөгү көптөгөн көйгөйлөрдү эч бир өлкө жалгыз чече албайт. Ошондуктан координациялуу иш алып баруу жана бирдиктүү позицияны көрсөтүү өтө маанилүү», - деди.
Байрамов Түркия, Азербайжан жана Грузия аймактык чыр-чатактар жана глобалдык коопсуздук маселелерине карата эл аралык укукка негизделген мамилени көрсөтүп жатканын жана үч өлкөнүн эл аралык платформалардагы кагылышууларды токтотууга аракет кылып жатканын айтты.
Кагылышуулардын энергетикалык коопсуздукка, жеткирүү чынжырларына жана транспорттук жолдорго олуттуу таасирин тийгизип жатканын жана көптөгөн өлкөлөр энергетикалык ресурстарга жетүү жагынан кыйынчылыктарга туш болуп жатканын белгиледи.
Байрамов Түркия, Азербайжан жана Грузиянын катышуусунда ишке ашырылып жаткан энергетикалык жана транспорттук долбоорлор үзгүлтүксүз уланып жатканын жана бул долбоорлор үч өлкөнүн гана эмес, кеңири географиялык аймактагы көптөгөн өлкөлөрдүн энергетикалык жана камсыздоо коопсуздугуна салым кошуп жатканын баса белгиледи.
Байрамов Азербайжан газы Түштүк газ коридору аркылуу 16 өлкөгө жеткирилгенин белгилеп: "Бул сөз болуп жаткан өлкөлөр үчүн энергетикалык коопсуздук дегенди билдирет" ,- деп кошумчалады.т», — деди.



















