ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ менен Иран түнү бою бири бирине карата чабуул жасашты
АКШ Кухештектеги той залына сокку уруп, окуяда 4 адам каза болду. Хузестанда болсо АКШнын чабуулдарынан 7 адамдын каза болгону билдирилди.
АКШ менен Иран түнү бою бири бирине карата чабуул жасашты
АКШ Кухештектe үйлөнүү той залына сокку урду, окуяда 4 адам каза болду.

АКШнын Борбордук Куралдуу Күчтөр Командирлиги (CENTCOM) шейшемби күнү кечинде Иранга карата кол салууда Ормуз кысыгынын айланасындагы аймактарды жана өлкөнүн түштүк аймактарын бутага алды.

АКШнын Иранга карата кол салуу коркунучтарынан кийин, кечээ кечинде өлкөнүн түштүгүндөгү шаарлардан жардыруу үндөрү угулганы тууралуу кабарлар келе баштады. Андан кийин CENTCOMдун Ирандын бардык аймагында Ислам революциясынын сакчыларына таандык деп ырастаган буталарга кол салганын жарыялады.

Ирандын маалымат каражаттары Ормуз кысыгындагы Кешм аралында, Сирик шаарында, стратегиялык порт шаары Бандар-Аббаста жана түштүк жээктеги Асулия, Чабахар жана Кунарак шаарларында жарылуу үнү угулганын билдиришти. Чабуулдар Керман провинциясындагы Жирофт аэропортуна багытталганы маалымдалды.

Хормозган губернаторунун орун басары Ахмед Нефиси АКШнын Сирикке караштуу Кухештак районундагы үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан турак жайга сокку урганын жарыялады. Нефиси алгачкы маалыматтарга караганда, чабуулда кеминде төрт адам каза болуп, 68 адам жаракат алганын билдирди. Хузестан провинциясында жети адам каза болуп, сегиз адам жаракат алды.

Ирандын Революциялык сакчылар корпусу АКШнын MQ-9 учкучсуз учагын атып түшүргөнүн жарыялады. Билдирүүдө АКШнын чабуулдары "Ормуз кысыгын ого бетер курчутат" деген коркунуч камтылган.

Ирандын Башкы штабынын билдирүүсүндө: "АКШнын аскерлери аймактагы агрессиясын улантуу боюнча канчалык катуу турса, ошончолук чоң жана оор жоготууларга дуушар болот",- деп айтылды.

Түнкүсүн Ирандын маалымат каражаттары Кешм аралында жана Бандар-Аббас шаарында жаңы жарылуулар болгонун кабарлашты. CENTCOM шаршемби күнү эртең менен Ирандагы буталарга чабуулдарын аяктаганын жарыялады.

Иран армиясы да Иорданиядагы, Бахрейндеги жана Ирактагы АКШнын базаларына ракета жана дрондор менен жооп кайтарганын жарыялашты.

Аймактык өлкөлөрдө сиреналар жаңырып, чыңалуу кайрадан күчөдү.

Ирандын аймактагы АКШнын базаларына жооп кайтарууну жарыялашынан кийин, аймактагы өлкөлөрдөн социалдык медиада асмандагы жарык нурлары жана жарылуу үндөрү көрсөтүлгөн сүрөттөр бөлүшүлдү.

Иордания арамиясы өлкөнүн аба мейкиндигине кирген 13 баллистикалык ракетанын 10у кармалып, 3ү бош жерлерге түшкөнүн жарыялады. Айрым авиакомпаниялар Иорданияга каттамдарды токтотту.

Кувейт жарандарын Ирандын дрондорду жана ракеталарды колдонуу менен чабуулдарынан эскертип, абадан коргонуу системалары иштетилгенин жарыялады.

Бахрейн да абадан коргонуу системаларынын Ирандан жасалган дрон чабуулдарына тоскоол болгонун жарыялады.

Бир тараптан Израиль армиясы Ливандан учурулган дрондордун айынан Израилдин түндүгүндөгү айрым аймактарда сирена үндөрү угулуп, ракеталардын атылганын билдирди.

Иликте
Эрдоган ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинде чогуу сүрөткө түшүүгө катышты
Путин:"Кагылышууларды тутандырган элементтерди  жок кылуу үчүн колубуздан келгенди аткаруубуз керек"
Месси Аргентина курама командасы менен коштошту
Министрлер Фидан менен Гүлер, Пакистандын Тышкы иштер министри Дар менен Бишкекке бара жатышат
АКШ Ирактын коопсуздугун колдоо үчүн 800 миллион долларлык аскердик сатууну бекитти
Президенттиктин 7-эл аралык яхта жарыштарынын Жеңиш Кубогу этабы аяктады
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда "Түбөлүк коңшулук, достук жана кызматташтык келишими" түзүлдү
Россиянын Киев  жана айланасына карата жасаган ракеталык чабуулунда төрт киши каза болду
Бишкекте ШКУ мамлекет башчыларынын кеңеш жыйыны  башталды
Президент Эрдоган Азербайжандын президенти Алиев менен жолугушту
Президент Эрдоган Кыргызстанга барды
Трамп: "Эгер мен АКШнын президенти болбогондо Израиль жок болмок"
ТКК менен Сирия армиясынын кызматташтыгында Евфрат дарыясынын үстүнө калкып жүрүүчү көпүрө курулду
Түркия Түндүк Кипрдин жээгинде оодарылып кеткен кемеде каза болгондордун жакындарына көңүл айтты
Гирне жээгинде кеме оодарылды: 237 адам куткарылып, 7 адам каза болду