АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга багытталган экономикалык кысым натыйжа берип жатканын билдирип, "Иран өзөктүк куралга ээ болбойт" деди.
Fox News каналына маегинде Дональд Трамп 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга чабуулдары менен башталган согуш тууралуу комментарий берди.
Ирандын АКШ менен Израилдин чабуулдарына жооп катары Перс булуңундагы өлкөлөргө жасаган жооп чабуулдарына" "Баары, анын ичинде өзү да таң калганын" айткан Трамп "Иран өзөктүк куралга ээ болбойт" деп кайталады.
Трамп Тегерандын Перс булуңундагы өлкөлөргө жасаган чабуулдары эгерде анын өзөктүк куралы болгондо "Жакынкы Чыгышты, Израилди жок кылаарын жана Европа менен АКШнын кийинки бута болорун" көрсөткөнүн жактады.
АКШ президенти Трамп: "Эгер мен АКШнын президенти болбогондо Израиль жок болмок. Жакынкы Чыгыш да жок болмок", - деди.
АКШнын деңиз блокадасы жана Иранга экономикалык кысым натыйжа берип жатканын айткан Трамп Иран "кыйрап бараткан өлкө" деген сөзүн кайталады.

























