Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин "Түбөлүктүү коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге" кол коюшуп, эки өлкөнүн ортосундагы карым - катнаштарды эң жогорку деңгээлге көтөрүштү.
1-сентябрда расмий сапар менен жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине катышуу үчүн Кыргызстандын борбору Бишкекке келген Кытайдын төрагасы Си "Ынтымак Ордо" президенттик сарайында расмий түрдө тосуп алды.
Си менен болгон делегациялар аралык жолугушууда сөз сүйлөгөн Жапаров Кытайдын лидеринин сапарынын Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына туш келишинин символикалык маанисин белгиледи.
Президент Жапаров Кыргызстан Кытай менен кылымдар бою сакталып келген достугун, жакшы коңшулугун жана өз ара ишенимди чыңдоого өзгөчө маани берерин билдирип, буларды кошумчалады: "Кыска тарыхый мезгилде карым - катнаштарыбыз жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетти жана бүгүн алар эң жогорку тарыхый деңгээлде. Мен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө жаңы "алтын доорго" кирдик деп ишенимдүү айта алам".
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин президент Жапаров менен кайрадан жолугушууудан жана 7 жылдан кийин Бишкекте болгонуна кубанычта экенин билдирип: "Мен кайрадан Кыргызстанга келдим жана сиздин өлкөңүздүн көрүнүктүү жетишкендиктерине жана кыргыз коомунун динамикалуу өнүгүшүнө жеке өзүм күбө болдум. Жакшы коңшу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары Кытай сиздин ийгиликтериңизге чын жүрөктөн кубанат", - деди.
Си Цзиньпин Жапаровду жана бардык Кыргызстан элин 31-август Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөнүн мындан ары да гүлдөп-өнүгүшүн, жарандарынын бактысын жана жыргалчылыгын каалады. Эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий ишенимди баса белгилеген Си бул кызматташтык аймактагы тынчтыкка, туруктуулукка жана туруктуу өнүгүүгө олуттуу салым кошоорун белгиледи.























