Украинанын тышкы иштер министрлиги Россиянын өлкөнүн ар башка аймактарына жасаган чабуулдарында кеминде 6 кишинин каза болгонун, 20 кишинин жаракат алганын маалымдады.
Министрликтин жума күнү Х платформасынан берген маалыматына караганда өлкөнүн түштүк - чыгышындагы Запорожье облусунда май куюучу жайда өрт чыгып, инфраструктура жабыркаган жана 2 адам жаракат алган.
Харьков облусунда аба соккулары кампаны, турак жайларды жана унааларды бутага алды. Араларында 10 адам алардын ичинен 4 бала жаракат алып, бир киши каза болду.
Бир топ аймакта каза болгондордун саны көбөйдү
Өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Днепропетровск облусунда чабуулдардан улам жеке турак үйлөр, почта бөлүмү жана унаалар зыян тартты. Министрлик Павлоград шаарында 8 жашар кыз каза болуп, дагы бир адамдын жаракат алганын маалымдады.
Түштүктөгү Одесса облусунда Россиянын соккулары күйүүчү май ташуучу жана газ ташуучу цистерналардын өрттөнүшүнө алып келди. Натыйжада бир адам каза таап, 4 киши жарадар болду.
Донецк облусунун чыгышындагы Краматорск шаарында 3 адам каза болуп, кеминде 6 киши жаракат алды.
Министрлик «Россиянын токтоо ниети жок» деп билдирип, Украинанын өнөктөштөрүн санкцияларды катаалдаштырууга жана абадан коргонуу тутумун күчөтүүгө чакырды.
Билдирүүдө: «Украинанын аба соккуларына каршы өзүн коргоо дарамети жогорулатылышы керек. Украинанын абадан коргонуусун күчөтүү адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн чечүүчү мааниге ээ», — деп айтылды.
Бул дооматтарды көз карандысыз түрдө текшерүү мүмкүн болгон жок.
Ошол эле учурда эки тарап тең түн ичинде дрондордун интенсивдүү иш-аракеттери тууралуу билдиришти. Украина армиясы 79 орус дронун атып түшүргөнүн жарыялады ал эми Россиянын Коргоо министрлиги абадан коргонуу системаларынын Украинанын 133 дронуна тоскоол болгонун билдирди.


















