Президенттик комплексте өткөн кабыл алууда Европа Биримдигинин делегациясынын элчиси Айво Орав, Корея Республикасынын элчиси Сукжонг Бу, Кувейт элчиси Мохаммед Марзук Салман Аль Шабо, Малайзия элчиси Адлан Мохд Шаффик жана Монголиянын элчиси Очир Лхагвасурен президент Эрдоганга ишеним грамоталарын тапшырышты.
Элчилик кызматкерлерин жана үй-бүлө мүчөлөрүн тааныштырган элчилер Эрдоган менен эстеликке фотосүрөткө түшүштү.
Андан кийин президент Эрдоган элчилер менен жекеме-жеке жолугушту.















