ЕБ Грецияга Түркия боюнча эскертүү берди. Бул эскертүү ЕБнин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Калластан келди...
Грециянын “Ta Nea” гезитине берген маегинде Каллас айрыкча коргонуу жаатында Түркия менен кызматташуунун маанилүү экенин айтты.
Европа Биримдигинин 150 миллиард евролук SAFE коргонуу программасына Түркиянын катышуусуна бөгөт коюуга аракет кылып жаткан Греция үчүн эскертүүчү мүнөздөгү сөздөрүн мындай деп улантты:
«Биз Түркия менен мүмкүн болушунча көбүрөөк кызматташууну сунуштайбыз. Коргонуу жаатында Түркия SAFEге катышпагандыктан азыркы мүчө мамлекеттер Түркия менен тыгыз кызматташууга умтулуп жатышат; анткени көпчүлүгү Түркия менен бирге НАТОдо жана Түркия ал жерде маанилүү ролду ойнойт».
Грек гезитинин Түркиянын Евробиримдиктин эки өлкөсүнө коркунуч келтирип жатканы тууралуу провокациялык суроосуна жооп берип жатып Каллас Европанын айрыкча коргонуу жаатында Түркия менен кызматташууга муктаж экенин билдирди. Ал Түркиянын Европанын коопсуздук архитектурасындагы маанисин баса белгиледи.















