Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиясын бутага алган хуситтердин кол салуулары боюнча жазуу түрүндө билдирүү жасады.
Билдирүүдө: "Сауд Арабиясын бутага алган, карапайым адамдардын өмүрүн жана мүлкүн этибарга албай, аймактагы чыңалууну күчөткөн хуситтердин чабуулдарын катуу айыптайбыз. Биз Сауд Арабиясынын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганыбызды кайталайбыз", - деп айтылды.
СУНУШТАЛАТ
Бул кол салуулар Йемендеги чыр-чатакты узак мөөнөттүү саясий чечим менен токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерге зыян келтирери белгиленген билдирүүдө, хуситтерге агрессивдүү аракеттерин дароо токтотуу чакырыгы салынды.



















