Лавров Москвадагы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун (МГИМО) окутуучулары жана студенттери менен жолугушту.
Жыйында сөз сүйлөгөн Лавров Германиянын Бонндогу Орусиянын Башкы консулдугун жабуу чечимине комментарий берип, "Бул немистер тарабынан кабыл алынган жийиркеничтүү чечим. Алар Бонндогу Башкы консулдугубузду негизсиз шылтоо менен жапты" деди.
Украина кризисине да токтолгон Лавров: "Украинадагы жаңжал Европада нацизмге орун калтырбай тургандай түрдө аякташы керек. Эгерде азыркы режимдин Украинада бийликте калышына жол берсек, анда биз 1945-жылы нацизмди жеңгендерди сатып кеткен болобуз", - деди.
Лавров Батыш өлкөлөрү менен мамилелерге ачык экендиктерин, бирок бул мурдагыдай болбой турганын баса белгилеп, "Бизди мурда жана азыр алдаган Батышка эч качан ишенбейбиз" деп билдирди.
Ирандагы кырдаал
АКШ менен Израилдин Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук боюнча консультацияларга кошулуусу керектигин айткан Лавров "Иранды Перс булуңу аймагынын коопсуздук системасына кошуу аймактагы туруктуулукту камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам болот" деди.
Министр Лавров Түндүк-Түштүк транспорттук коридорунун долбоорун ишке ашыруу Ирандагы кырдаалга байланыштуу жайлаганын белгилеп "Бирок долбоор биздин пландарыбызда калууда жана ишке ашырылат" деп кошумчалады.















